«Атамбаев президент болгонго чейин эле бай болгон». Раиса Атамбаева Садыр Жапаровго жооп берди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева президент Садыр Жапаровдун Атамбаев президент болуп турганда уурулук менен байыган деп айткан маегине комментарий берди.

Экс-биринчи айым Атамбаев 2000-жылдарга чейин, президенттикке келгенге чейин эле «өтө бай киши болгонун» айтты. Анын айтымында «бул текшерип көрсө боло турган фактылар». Ал президенттин айткандарын жалган деп атады.

«Ал [Алмазбек Атамбаев] “Кыргызавтомаш”, “Электровакуум”, “Агромаш” сыяктуу эбегейсиз зор заводдорго ээ болгон. Айылда жана шаарда пансионаттар, ресторандар, жада калса чачтарачтар, жер тилкелери болгон. Түркиянын Измириндеги бир гана ишканадан бир жылдын ичинде дээрлик 20 миллион доллар дивиденд алган», — деди Атамбаева.

Ал Кой-Таштагы үй аталган мүлктөрдү сатуудан түшкөн каражатка курулганын белгиледи. Атамбаева Жапаровдун Атамбаевдин үйү пайдаланлбай эле турат деген сөзүн дагы төгүндөдү. Анын айтымында, үй оңдоп түзөлүп, өздөрү жашап жатышат.

«Жапаров Бакиевдин Бишкектеги үйүн да мамлекет тартып алганын айтып жатат. Билишибизче, Бакиевдин өзүнүн айылындагы кичи мекенинде үй-бүлөсү бар. Анын үй-бүлөсүнүн Лондондо, Минск шаарында үйлөрү бар. Ал эми биздин Кой-Ташта бир эле үйүбүз бар. Бул Алмазбек Шаршеновичтин ата-бабаларынын жери. Анан да эртеби-кечпи боштондукка чыгып, мекенине кайтып келет! Анан кайда барат? Же бийлик ал [Атамбаев] түрмөдө өлөт деп пландап алганбы?», — дейт Атамбаева.

Ошондой эле Раиса Атамбаева Жапаровдун «мурдагы президенттин үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбековдун маалында эле конфискация болгон» деген сөздөрүн төгүндөдү.

«Соттун акыркы чечими быйыл өзү айткандай Сокенин [Сооронбай Жээнбеков] эмес, президент Жапаровдун тушунда Башкы прокуратуранын нааразычылыгынан кийин чыккан. Ошол эле сот 2020-жылы бул өкүмдү мыйзамсыз деп жокко чыгарган», — деди ал.

Ошондой эле ал Атамбаевдин жакындарынын акыркы учурдагы аларды колдоо митингдерине жана Алмазбек Атамбаевди колдоп уюштурулуп жаткан акцияларга эч кандай тиешеси жоктугун кошумчалады.

«Эгер тиешеси болсо миңдеген киши чыкмак. Биз адамдардын өз ойлорун билдирүүсүнө тыюу сала албайбыз да», — деп белгиледи ал.

Учурда Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияда камакта. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ал дагы бир нече кылмыш иштеринин фигуранты.

Майдын аягында Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президенттин Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы жеке менчик резиденциясын «Акаев, Бакиев жана Жээнбековдордун үй-бүлөлүк кландык режимдеринин кылмыштарын эскерүү музейин», балдар үчүн акысыз билим берүү жана ден соолукту чыңдоочу комплекс ачуу пландалып жатканын билдиришкен.

Ошондон кийин, алардын айтымында, Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери Атамбаевдин үй-бүлөсүн үйдөн чыгарып салуу үчүн келишкен.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунан, мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйү соттун чечиминин негизинде мамлекеттик менчик, учурда фонддун балансында экенин билдиришкен. Мамлекеттик мүлк фондунан ден-соолукту чыңдоо комплекстин базасында карылар үчүн социалдык стационардык мекеме түзүүнү сунуштап жатканын маалымдашкан.

Ошондой эле Мамлекеттик мүлк фонду Атамбаевдин тарапташтарына үч күндүн ичинде имаратты бошотуу боюнча жазуу түрүндө кат жөнөткөн. Бирок Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө үч күндүн ичинде үй мүлкүн конфискациялоо жана көчүрүү боюнча эскертүү берилбегенин айткан. Анын айтымында, Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү ага кабар берилбестен кайра каттоодон өткөн.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Чүй облусунун Арашан айылынын тургундарынын өздөрүн «Атамбаевдин тарапкерлери» деп атаган кайрылуусу пайда болгон. Алар биринчиси мыйзамсыз кармалып жатканын айтып, «чоң тополоң боло электе» Атамбаевди жана анын шериктерин бошотууга чакырышкан болчу.

Кийинчерээк Садыр Жапаров интервью берип, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн конфискациялабаганын айткан. Өлкө башчысы үй мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда соттун чечими менен мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнүн айткан.

«Азыр ал үйлөр — мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коёлу деп курулуш иштерин баштап жатабыз», — деген Жапаров.

Анын айтымында, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө карылар үйү алар калган өмүрүн таза абада, таза суу ичип өткөрүшү үчүн ачылат.

Ошондой эле президент Атамбаевдин тарапташтарына жооп берген. Жапаров кайрылууда ага карата «коркутуу» болгон деп эсептейт.

«Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет», — деп билдирген Жапаров.

Ошол эле учурда Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги болушу керектигин, өз аракеттерин сындагандарды «жаман көрбөй» турганын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуялардын шартында бийликке келген, натыйжада Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткен.

Kloop.kgнин иликтөөсү: Атамбаев Түркиядагы активдерин кантип саткан?