Ысык-Көл: Жол кырсыгы катталып, бир аял жана үч эркек каза тапты

10-июнда Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда Volvo жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Комсомол айылында таңкы саат 5:55те болгон. Оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып кеткен. Анын кесепетинен үч эркек жана бир аял каза тапкан.

Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөктөрүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Чечме» өткөрүү пунктунда массалык жол кырсыгы катталган.

Анда ӨКМге караштуу «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын тормозу иштебей калып, чек ара өткөрүү постунда токтоп турган 11 автоунааны сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза тапкан. Алардын экөө министрликтин кызматкери экени маалымдалган. Дагы жети киши ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

2021-жылдын 11 айында эле Кыргызстанда 6 820 жол кырсыгы катталган. Андан 780 адам каза таап, 10 миңден ашууну жабыркаган. Жол кырсыктары 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га өскөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжайда ӨКМдин унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынан сегиз киши каза болду