Кадамжайда ӨКМдин унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынан сегиз киши каза болду

21-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Чечме» өткөрүү пунктунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу автоунаанын тормозу иштебей калып, чек ара өткөрүү постунда токтоп турган 11 автоунааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза болгон. Алардын экөө министрликтин кызматкери экени маалымдалды. Дагы жети киши ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

«Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында 8 үйдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан. Бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктан ар кандай жараат алган жети киши Айдаркендеги ооруканага жаткырылган. Эки кишинин абалы турукташып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми беш киши хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Алардын экөө жаш бала. Жабыркагандардын бирөөнүн абалы оор, калган төртөөнүн абалы орточо оор деп бааланууда.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы бул факты боюнча маалыматтардын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу барып, териштирүү иштерин баштагынын билдирди.

ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырым бөлүгүндө үстүбүздөгү жылдын төрт айында 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам кайтыш болгон. Кырсыктан 96 адам ар кандай жаракат алган. Аны менен катар, ИИМден түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көп катталып жатканын, буга көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу дагы себепкер экенин белгилешкен.