Демократиялык кыймыл Зулушевдин жоопкерчилигин карап, Ташиевди кызматтан алууну талап кылды

Бириккен демократиялык кыймыл белгилүү саясат таануучу, эксперт Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратты. Анда президент Садыр Жапаровдон Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн фактыларды кылдат иликтөө талап кылынды.

Кыймылдын мүчөлөрү саясат таануучунун өлүмү боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жоопкерчилиги каралып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынсын деп талап коюшту.

«Казакпаевдин өлүмү айыпталып жаткандарга жана соттолгондорго кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле системалуу түрдө колдонулуп жатканын, аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүгүн ачык көрсөтүп турат. Марат Казакпаев мындай мамиленин курмандыгы болду», — деп жазылат билдирүүдө.

Бириккен демократиялык кыймыл Казакпаевдин өлүмүнө УКМКнын тергөөнү атайылап создуктуруп, аны мыйзамда белгиленген мөөнөттөн узак абакта кармаганы да себеп болду деп эсептейт.

«Казакпаевге козголгон иш ойдон чыгарылганынан күмөн санабайбыз. Белгилүү саясат таануучунун изилдөө ишмердүүлүгү атайылап жана жалган чет мамлекеттин пайдасына маалымат чогултуу катары квалификацияланган», — деп белгилешти кыймылдан.

Аны менен катар аталган кыймыл акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу борборуна, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдарга кайылып, камактагылардын өз убагында медициналык жарам алуусуна, укуктарынын сакталышына жана мыйзамсыз кармоолорго өзгөчө көңүл бурууну суранды.

«Кыйноо, жалган камоолор, жалган айыптар, көз каранды соттор — Кыргызстан адам укуктарына жана эркиндигине каршы иштеген полициялык мамлекетке айланды», — деп жазылат билдилүүдө.

Бириккен демократиялык кыймыл маркум саясат таануучунун үй-бүлөсү менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Казакпаевдин кармалышы жана өлүмү

Марат Казакпаев.

Казакпаев 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. УКМК шектүүлөр Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгилеген.

Казакпаев өзүнө карата камакка алуу жана кыйноо түрүндөгү туруктуу жана күчтүү психологиялык кысымды кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер боюнча жеке позициясы менен байланыштырган.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев комага түшүп, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканага жеткирилген.

Ал гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп калганы белгилүү болгон. Саясат таануучу ИВЛ аппаратына туташтырылып, абалы оор деп бааланган. Ал эми 10-июлда Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов саясат таануучу каза болгонун кабарлаган.

Айткулов Казакпаев «өлбөшү керек болчу, туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү туурулуу арыз жазууга ниеттенип жатам» деп билдирген.

Ал эми УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, саясат таануучу мээсине кан куюлуп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан Казакпаев ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин белгилешкен. Ал эми Башкы прокуратура саясат таануучунун өлүмүнүн себебин териштире баштаган.

Тема боюнча:

Саясат таануучу Марат Казакпаев каза болду. Ал чыккынчылыкка айыпталып бир жылдан ашык абакта кармалган