Видео: Күйөрмандар Кыргызстан менен Мьянманын матчында жаңы стадион талап кылышты

2023-жылдагы Азия кубогунун тандоо этабынын алкагында Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курамаларынын 11-июндагы беттеши учурунда күйөрмандар президент Садыр Жапаровдон жаңы стадион талап кылышты.

Оюн учурунда ышкыбоздор «Жаңы стадион» деп ураан чакыра башташкан. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлерине «ураан» жага бербей, күйөрмандардын тынчтанууну талап кылышкан. Алардын айтымында, «стадиондо андайды талап кылган болбойт».Оюнга өлкө башчысы жана башка саясатчылар дагы күйөрмөн болуп келишкен. Алар матчты VIP зонада отуруп көрүшкөн.

Сүрөт: Президенттин администрациясы

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы беттеште Мьянма курамасын эсебинде жеңген.

14-июнда кыргыз футболчулары Тажикстандын курамасы менен беттешет. Бул эң маанилүү оюн, анткени анын жыйынтыгынан тайпадан кайсы команда чыгары белгилүү болот.

Жапаров Бишкекте жаңы стадион куруу ниети бар экенин бир нече жолу айткан. Алсак, 2021-жылы өлкө башчысы калаада 30 миң орунга ылайыкталган стадион куруларын билдирген.

Ал эми 2022-жылдын майында Жапаров Азия футбол конфедерациясынын башчысы Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушкан. Анда 2022-жылы Кыргызстанда дүйнөлүк талаптарга жооп берген көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу башталары белгилүү болгон.