«Алкоголь жыттанды». Ысык-Атада кызматтык унаада «Тикону» сүзүп алган инспектор кармалды

Бишкек — Торугарт унаа жолунда кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылган ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору, милициянын кенже лейтенанты кармалды. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин маалыматына ылайык, 11-майда кечки 20:30 чамасында Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылында «Даймлер Крайслер» үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен «Дэу-Тико» унаасы кагышканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Дэу-Тико» унаасында айдоочудан сырткары 33 жаштагы аял, 9, 6, 1 жаштагы балдар жана бир жашка толо элек наристе болгон. Милициянын маалыматы боюнча, алар медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.

«Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер” унаасынын айдоочусу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн инспектору Н.Б. аттуу жаран экени аныкталган. Ошондой эле, кызматтык унаада жүргүнчү катары 26 жаштыгы Э.кызы А. жана Т. кызы К. болгон», — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козолду. Соттук-экспертиза дайындалып, кызматтык териштирүү иштери башталды. Ал эми эки унаа тең айып короого токтотулган.

«Экспертизанын жыйынтыгы менен милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Ал эми окуя боюнча социалдык тармактарга тараган видеодо кызматтык унаа менен жүргөн милиция кызматкери мас абалында экенин айтылып, тургундар аны текшертүүдөн өткөрүүнү талап кылып жатышканын көрүүгө болот.

«Милицияны текшербесе болбойт, мен өзүм жыттадым. Алкоголь ичимдиги жыттанып атат. Мындай болмок беле? Өздөрү ичкендерди текшерип атып, өздөрү ичип алып айдап атат», — деп айткан күбө.

Окуяга күбө болгондордун дагы бирөөсү «Даймлер Крайслер» үлгүсүндөгү кызматтык унааны айдап бара жаткан кызматкер «Дэу-Тико» унаасын артынан келип сүзгөнүн айткан.

«Мен ээрчип келаткам, “Дэу-Тиконун” аркасынан эле атайын келип сүздү. Аркасынан кагып туруп, ушул жерге кирип кетти. Айдоочу терезеден өзү чыгып кетти, жүргүнчүлөрдү мен чыгардым. МАИ кызматкери “мен айдоочу эмесмин” деп калп айтып атат», — деген ал.

Ошондой эле, тургундар автокырсыктан эки кыз жабыркаганын айтып, аларды тез жардам кызматы келгенче жеке унаа менен ооруканага алып баруу керектигин айтышкан.

Ал эми видеону тартып жаткан адам укук коргоо органдарынан айдоочу ким экенин сураганда, алар айдоочуну жашырууга аракет кылышкан. Бирок күбөлөр айдоочу МАИ кызматкери экенин көргөзүп беришкен.

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Чечме» өткөрүү пунктунда массалык жол кырсыгы катталган.

Анда ӨКМге караштуу «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын тормозу иштебей калып, чек ара өткөрүү постунда токтоп турган 11 автоунааны сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза тапкан. Алардын экөө министрликтин кызматкери экени маалымдалган. Дагы жети киши ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

2021-жылдын 11 айында эле Кыргызстанда 6 820 жол кырсыгы катталган. Андан 780 адам каза таап, 10 миңден ашууну жабыркаган. Жол кырсыктары 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га өскөн.