Баткен: 8 жашар баланы өлтүрө сүзгөн айдоочунун иши сотко жетпей кыскартылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл өкмөтүндө караштуу Көк-Талаа айылда 3-классынын окуучусун өлтүрө сүзгөн айдоочу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, каза болгон окуучусунун ата-энеси айдоочунун 6 жаш баласы бар экенин эске алып, арызды кайтарып алышкан.

«Айдоочу менен каза болгон кыздын ата-энелери өз ара сүйлөшүп келишип алышкан. Андыктан, иш сотко жетпей кыскартылган. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайдан чыгарылган», — деди Юсупова.

Буга чейин Баткен ОИИБи аталган факт боюнча тергөө иштери аяктап, иш сотко өтөрүлүп берилгенин билдирген болчу.

Ушул жылдын 14-апрелинде Көк-Талаа айылында Ош — Исфана автожолунда каттаган кичиавтобустун айдоочусу 8 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бала ооруканадан каза болуп, сегиз адам жаракат алган.

Ал эми 31-майда Кадамжай шаарында мектепке бара жаткан 8 жаштагы кызды унаа коюп кеткен. Секелек алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Облустук ЖКККБнын маалыматына ылайык, 2-класстын окуучусу жолдон өтүп баратканда «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен.

Жол кырсыгы видео байкоочу камерага жазылып калган. Анда кыз зебра жок жерден өткөнүн, ал эми унаа катуу ылдамдыкта келгенин көрүүгө болот. Чуркап чыгып бараткан окуучуну жолдун четинде токтоп турган «Хендай Портер» тосуп калган.