Ошто мас кишилер үч инспекторду сабоого шектелүүдө, тараптар бири-бирине каршы арыз жазды

Ош шаарында үч милиция кызматкери кызматтык милдетин өтөп жатышкан учурда сабалды. Бул тууралу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 12-июнь күнү Ак-Тилек кичи районунда шаар тургуну кызматтык унаа айдап бараткан кайгуул кызматынын кызматкерине кайрылган. Ал белгисиз адамдар кол салышканын айтып чара көрүүнү суранган.

Милиция кызматкери ошол жерге барганда мас абалындагы эки адам Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны башкарууга ниеттенип жатканын көргөн. Милиционер аларды токтотууга аракет кылганда алар каршылык көрсөтө башташкан.

Инспектор окуя болгон жерге эки кесиптешин чакырган, бирок алар баш ийбей, патрулдук милиционерлерге кол салышкан.

Алар облустук наркология борборуна жеткирилип, текшерүүдөн өткөрүлгөндө кишилер спирт ичимдигин ичкени тастыкталган. ШИИБден мас кишилер борборго баратканда да бир инспекторго кол салып, формасын айрып салышканын белгилешти.

«Жарандарды мас абалында кармоо жана кол салуудан коргоо максатында милиция кызматкерлери мыйзам чегинде физикалык күч колдонушкан», — деп айтылат Ош ШИИБдин маалыматында.

Жабыр тарткан милициянын 3 кызматкери дарылануу үчүн ошол эле күнү Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

«Бирөө УЗИден өтүшү керек, а бирөөсү невропатологго кайрылыш керек дегенбиз. Ал эми үчүнчү милиция кызматкери башына катуу сокку алгандыктан нейрохирургия бөлүмүндө дарылануусун улантып жатат. Анын абалы канааттандырарлык», — дейт шаардык саламаттык сактоо боюнча координатордун орун басары Кубанычбек Ормошев.

Аталган факты Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалыматты каттоо журналына катталган. Милиционерлер да, мас кишилер да бири-бирине карата арыз жазышкан. Үчүнчү арызды мас кишилер тарабынан сабалганын айткан тургун жазган.