Депутат Айжигитов: Дыйкандар «оорулуу» үрөндөрдү сатып алган

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин 15-июндагы пленардык жыйынында фермерлер «оорулуу» үрөндөрдү сатып алышканын билдирди.

Ал Талас жана Ош облусундагы фермерлер кредитке сатып алынган «супер элита» сортундагы арпа жана буудайдын үрөндөрү боюнча кайрылышканын айтты.

Фермерлер депутатка үрөндөр «дарыланган эместигин», аларды өздөрү дарылап жатканын айтып беришкен.

Депутаттын айтымында, өсүмдүктөрдүн «кара көсө» деген жугуштуу оорусунан улам жер жерлерде себилген эгин күйүп кете баштаган.

«Өз убагында андай ооруларды жок кылыш үчүн уруктарды беш жылга жакын алмаштырып туруп анан жок кылат да. Бул чыныгы өтө чоң биологиялык диверсия. Ушул каяктан пайда болду? Эмне болуп пайда болду? Бул бир эле кишинин айтканы да, ошол уруктар канча адамга тарады? Эгер бул оору тарап кете турган болсо, бизди беш жылга чейин коштоп жүрөт бул оору. [...] Бул түздөн-түз биздин азык-түлүк коопсуздугубузга коркунуч», — деди депутат.

Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

Айыл чарба министрлигин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Дмитрий Тен «Клооптун» кабарчысына «оорулуу» үрөндөр Чүй облусунун эки жана Талас облусунун бир районунда табылганын айтты.

Анын айтымында, депутат айтып жаткан оору — бул «кара көсө» оорусу. Атайын комиссия ар бир чарчы метрде бирден оорулуу өсүмдүк аныкталганын, алардын үрөнгө эч кандай кооптуулугу жана зыяны жок деген корутунду чыгарган.

Мындан тышкары, ал «кара көсө» анчейин коркунучтуу оору эместигин, бирок аталган факт боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи. Фермерлерге сунуштамалар да берилген.

Мындан тышкары, Тен депутаттын сөздөрүн четке кагып, үрөндөр препарат менен тазаланганын, бирок үрөндүн бир партиясы оорулуу болуп калганын белгиледи.

«Бул адамдык фактор. Муну камсыздоочу териштирүүнү убада кылды […] Мындай билдирүүлөр дилетанттык болуп эсептелет жана элди дүрбөлөңгө салат», — деди департаменттин башчысы.