Үйлөрү бузулуп жаткан Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президенттен убадасын аткарууну талап кылышты

14-майда Чүй облусундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун тургундары бийлик үйлөрдү бузуп баштаганын кабарлашты. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, үйлөр бузулбайт, документтер берилет деген сөзүнө турушун талап кылышты.

«Үйлөрдү түрттүргөнү келишиптир. Тургундар каршы болгондо бир топ милиция кызматкерлери келди. Аянтчаны курчоого алып, үйлөрдү түрттүрө башташты», — деп билдирген тургундардын бири «Кактус» басылмасына.

Сүрө: «Кактус» басылмасы.

Социалдык тармактарда тургундар менен милиция кызматкерлеринин кагылышып жаткан видеосу тарады. Анда милиция кызматкерлери бузулуп жаткан имаратты курчоого алып, каршы болгон кишилерге күч колдонуп, түрткүлөп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми үйү бузулуп жаткан Улан Давлеталиев чакан үйдө төрт баласы менен жашаганын айтып, «милиционерлер чек араны коргосо болот эле го» деп нааразы болду.

«Төрт балам менен ушул времянкада жашайбыз. Ушунча тизилип келип чек арабызды коргоп беришсе болмок. Ушул жерге келип жөнөкөй, карапайым элди кордоп, тепкилеп жатышат. Төрт баламды жетелеп чыгышты. Эшигимди талкалашты. Үйдү бузабыз деп жатышат», — деп көзүнө жаш алды ал.

Давлеталиев президент Садыр Жапаровго кайрылып, «карапайым эл сизге ишенип шайлады эле» деп, болуп жаткан башаламандыкты токтотууну суранды.

Үйлөрдү бузууга каршы болгондордун дагы бири «жерди басып албаганын, ишеним каттын негизинде сатып алганын» белгилеп, «үйлөрдү сактап калууга алардан 10 миң АКШ доллар талап кылып жатышканын» айтты.

«Биз бул жерди басып алаган эмеспиз. Бүтүндөй “Ак-Ордо” ишеним кат аркылуу сатып алган. Кийин эле башка ээлери пайда болуп, үйлөрдү түртүрүү боюнча соттун чечимин көтөрүп келишиптир. Мен жөнөкөй эле тургунмун, менин 10 миң АКШ долларым жок», — деп белгиледи ал.

Ак-Ордо-3 конушунун дагы бир жашоочусу бир эле жер тилкеси бир нече адамга сатылып кеткенин, алдамчылык фактысы болгонун кошумчалады.

Жаңы конуштун тургундары Жапаров менен болгон жолугушууда. Сүрөт: Президенттин басмас сөз кызматы. 

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы 22-ноябрда Ак-Ордо-3 конушунун тургундары менен жолуккан. Ага миңдей адам келген. Жолугушууда Жапаров 2022-жылын апрелине чейин конушта жашаган 13 миң үй-бүлөгө кызыл китеп жана техпаспорт берилерин убадалаган. Кийинчерээк Жапаров Ак-Ордо-3 конушунун тургундары апрелге чейин техпаспортторун алып бүтүшкөнүн айткан.

«Эми кызыл китебин ала башташты. Айрым үйлөр кызыл сызыкка салынып калганы үчүн же үй-бүлө ажырашып кеткендигине байланыштуу талаш-тартыш маселелер жаралып, кызыл китеп ала албай жаткан учурлар бар. Аларды сот аркылуу же сүйлөшүүлөр аркылуу чечиш кажет», — деген ал.

Сокулук райондук милициясы эмне дейт?

Чүй облусунун Сокулук РИИБинин басма сөз кызматынан «Клоопко» Ново-Павловка айылындагы Ак-Ордо-3 конушунун 520-чакырымында мыйзамсыз курулган үйлөр соттун чечими менен бузулуп жатканын айтып, коомдук тартипти сактоо максатында райондук милиция тартылган дешти.

Милициядан айрым жарандар нааразы болуп, сот аткаруучулардын ишине тоскоолдук кылганын белгилешти.

«Милиция кызматкерлери жарандарга коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн», — деп билдиришти райондук милициядан.

Сокулук РИИБдин маалыматына ылайык, саат 14:30дарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин чогулган тургундар тарап кетишкен.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта акыркы жылдары өлкө мыйзамдарын бузуу менен участокторду, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн өзүм билемдик менен ээлеп алган, өзүнө тиешелүү аймакты кеңейтип алган учурлар көп кездешип жатканы белгиленген.

Мыйзам бузгандарга ИИМ чара көрөрү, ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бекитилип берилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтип алган фактыларды Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Жарандык кодекске ылайык ыкчам карай турганы айтылган.

Тема боюнча:

Президент Жапаров жер басып алууга каршы жарлыкка кол койду