УКМК журналист Каниметовго да эскертүү берди. Ал дагы Казакпаевдин өлүмү боюнча УКМКга сын айткан

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети буга чейин атайын кызматка сын айткан «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметовго расмий эскертүү берди. Бул тууралуу журналист Фейсбук барагында билдирди.

«Бул эскертүүлөр — сөз эркиндигине жасалып жаткан басым экени түшүнүктүү эле. УКМК бизди бул темада үн катпай отурушубузду каалап жатат. Документте ачык эле оозуңду жаппасаң “Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголот деп жазылып турат. Юристтер бул берене мындай учурда колдонулбайт деп түшүндүрө берип чарчашты», — деп жазды ал.

Каниметов 10-июнда саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу УКМКга карата сын айткан. Ага чейин саясат талдоочу мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип бир жыл УКМКнын ТИЗОсунда кармалган.

Каниметов Фейсбуктагы постунда Казакпавге «атайлап эле жардам көрсөтүлгөн эмес» деп жазган болчу.

«Баары “каза болду” деп жазып жатышат. А мен аны өлтүрүп коюшту деп ойлойм. Атайлап эле жардам көрсөтпөй, аягына чейин ТИЗОдо кармашты. Адам качан гана комага түшкөндө тез жардам чакырышкан […] Казакпаевге карата жол берилбеген ыкмалар колдонулганын четке какпайм. Контораны Ташиев жетектеп жатканын эстен чыгарбагыла. Анын акыл-эси жайында экенинен күмөнүм бар. ТИЗОнун камераларында камактагыларды эмне кылып жатышканын бир гана Кудай билет», — деп жазган ал.

Буга чейин ушундай эле эскертүү оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековго да берилген. Ал дагы Казакпаевдин өлүмүнө УКМКны айыптаган.

Тема боюнча окуңуз: Равшан Жээнбековго Казакпаевдин өлүмү боюнча УКМКны сынга алганы үчүн эскертүү берилди