«Клооп Медиа» Оштогу жайкы онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады

Тойчубек Артык уулу Баткенде мультимаедиалык журналистика боюнча тренинг өтүп жаткан учуру

«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында Ош шаарындагы жайкы онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

Эгер сиз журналистикага кызыгып, бирок билим алууга шартыңыз болбой жүргөн болсо — анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

«Клооп Медианын» журналистика мектеби акысыз өткөрүлөт. Биздин мектепке катышуу менен жайкы эс алууну пайдалуу жана кызыктуу өткөрө аласыз.

Бизден эмнени үйрөнөсүз?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүз. Атап айтканда текст жазууну, сүрөткө тартууну, видеорепортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа сабаттуулук жана медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласыз.

Анан да акыркы учурда соцтармактарда ар түрдүү фейк маалыматтар көбөйгөнү баарыбызга маалым. Биздин мектепте сиз маалыматты тактап, аны текшергенди үйрөнөсүз.

Эң маанилүүсү, биздин гана мектепте сиз окуунун экинчи жумасынан тарта респонденттерден интервью алып, жаңылык жаза аласыз. Идеяңызды сунуштап, социалдык көйгөйлөрдөн тартып саясий темада чоң материалдарды даярдасаңыз болот.

«Клооптун» кышкы онлайн журналистика мектебинин студенттери

Мунун баарын сизге эки жумалык теориялык тренингде айтып беребиз. «Клооптун» редактору Айбике Адилет кызы журналистиканын негиздери, медиасабаттуулук жана фактчек боюнча билими жана тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Ал эми сүрөт-видео тартып, аны монтаждоону оператор-монтажерлорубуз Тойчубек Артык уулу жана Бекболсун Кайыповдон үйрөнө аласыздар. Мындан сырткары мектепте СММ боюнча да тренинг болот — аны «Клооптун» СММ адиси Нуризат Мирланбек кызы өтөт.

Сиз практикада жаңылыктарды жазуудан тышкары, өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдыра аласыз — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы жайкы журналистика мектеби июль айында башталып сентябрга чейин уланат.

Айбике Адилет кызы Баткенде мультимаедиалык журналистика боюнча тренинг өтүп жаткан учуру

Мектепке кимдер катыша алат?

Журналистика мектебине өлкөнүн бардык жашоочулары катыша алат, бирок тренинг жана практика Ош шаарында өтөөрүн эске алыңыз. Баткен жана Жалал-Абаддан келип окугандарга жатакана берилет. Ош шаарына сиздерди кызматтык унаа менен алып келебиз.

Мектепке катышуу үчүн билдирме толтуруп, бизге жөнөтүшүңүз керек. Катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Билдирмени мыкты толтуруп, өзүнүн мотивациясын так түшүндүрө алган катышуучулар маектешүүгө чакырылат. Интервьюдан ийгиликтүү өткөн 15 катышуучу журналистика мектебине кабыл алынат.

Кошумча суроолоруңуз болсо 0772 300 336 номуруна чалсаңыз болот.

Билдирмелер 10-июлга чейин кабыл алынат.