Садыр Жапаров Курманкул Зулушевди кызматына кайтарды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 16-июндан тартып өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Садыр Жапаров 3-июндандагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту, ал боюнча Зулушев кызматынан убактылуу четтетилген болчу.

Зулушевдин кызматынан убактылуу четтетилиши

4-июнда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга байланыштуу иши боюнча Курманкул Зулушевди тергөө маалына башкы прокурорлук кызматтан убактылуу бошоткон. Ошол эле күнү президент саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди дагы кызматынан четтеткен.

Жапаровдун администрациясынан чечимди кабыл алууда «башкы прокурор менен саламаттык сактоо министринин жеке мамилелери» эске алынганын айтып түшүндүрүшкөн.

Бирок Садыр Жапаров өзү сүрөмөлөп кабыл алган колдонуудагы Конституцияга ылайык, президент башкы прокурорду парламенттин макулдугу жок кызматынан четтете алмак эмес. Ошондой эле Зулушевди кызматтан бошотуу маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн да, каралган да эмес.

Ал эми Зулушев өзү кызматынан убактылуу четтетилгенине «президенттин буйругу талкууга жатпайт», ал аткарылууга тийиш деп комментарий берген.

Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Курманкул Зулушевдин тергөө маалында башкы прокурордук кызматтан убактылуу четтетилиши Конституцияга каршы келбейт деген. Анын айтымында, башкы прокурор кызматынан биротоло алынбагандыктан, буга Жогорку Кеңештин макулдугу талап да кылынбайт.

Президенттин басма сөз катчысы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү» мыйзамынын 7-беренеси кызыкчылыктардын кагылышы жаралганда мамлекеттик кызматкерди кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүүгө жол берерин дагы белгилеген. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон

Бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарганы белгилүү болду.