Башкы прокуратура: ИИМдин Аксыдагы күзөт бөлүмү 3 млн сомду кымырып алган

Жалал-Абад облустук прокуратурасы пландык иш-чаранын негизинде ИИМдин Аксы райондук күзөт бөлүмүн текшерүүгө алган.

Анын жыйынтыгында аталган бөлүмдүн кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, бухгалтердик отчёттордо жалган маалыматтарды көрсөтүшкөнү аныкталган.

«Алар өздөрүнө мыйзамсыз ашыкча эмгек акыларды алышкан жана жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүү жолдору менен жалгандан мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшүп, бюджеттик акча каражаттарды накталай түрдө өздөрүнө сиңирип алышкан», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Аксы райондук күзөт бөлүмү мамлекетке 3 млн сомдон ашуун зыян келтиргени белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облусттук прокуратурасы тарабынан «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Буга чейин Нарын облустук прокуратурасы облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 21 миллион 800 миң зыян келтиргенин аныктаган.

Кызматкерлер Ат-Башы районунун Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылындагыа таза суу системасын реабилитациялоодо «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып» иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга акчаны мыйзамсыз которгон деп шектелген.