Бишкек мэриясы атамекендик BELES автобусунан бешти сатып ала турган болду

Бишкек мэриясы атамекендик «Белес» компаниясынан газ кыймылдаткычы бар беш автобус сатып алат. Бул тууралуу калаа мэриясынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев менен «Белес» компаниясынын директору Мирбек Аскалиевдин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Мэриядан автобустарды «техникалардын сапатын текшерүү максатында» сатып алууну көздөп жатканын кошумчалашты.

«Белес» жана бийликтин күмөнү

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февраль айынын орто ченинде алгачкы атамекендик автобусту кураштырган «Белес» компаниясына барган.

Анда Жапаров бийлик атамекендик өндүрүүчүлөрдү алгачкы 10 автобусту сатып алуу менен колдой турганын убадалаган. Президент эгер алардын эксплуатациясы ийгиликтүү деп табылса, «Белес» менен туруктуу негизде кызматташуу болот деп айткан.

Бирок парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Максат Нусубалиев муниципалитет азырынча BELES компаниясынан алгачкы жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга даяр эместигин айткан. Ал буга автобустардын өтө кымбаттыгы менен сапат сертификатынын жоктугу негизги себеп экенин билдирген.

Нусубалиев ишкана эгер 500 автобус сатып алынса бааны 178 миң еврого чейин түшүүргө макул болгонун кошумчалаган. Бирок ал дүйнөлүк бренддердин баасы алда канча төмөн экенин эске алганда, «бул дагы өтө эле кымбат» деген болчу.

Ал эми Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен жергиликтүү автобустарды сатып алууга тоскоолдук кылган башка дагы себептер бар экенин кошумчалаган. Анын айтымында, банк рынокто үч жылдан ашык убакыттан бери иштеп келген жана кепилдик мөөнөтү узартылган компаниялардын унааларын алып берүүгө даяр. Ал эми «Белес» сунуштаган автобустардын кепилдик мөөнөтү аз жана кыймылдаткычтары газ менен иштейт.

Абдиев мэрия жергиликтүү бюджеттен автобустарды сатып алууга 1 млрд сомго тендер жарыялаганын, ага эгерде сапат сертификатын алса «Белес» компаниясы дагы катыша аларын билдирген.

Жыйынтыгында профилдик комитет мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген.

Автобустардын тартыштыгы

Бишкек шаарында коомдук транспорттун жетишсиздиги бир топ жылдан бери эле маселе жаратып келет. Ал эми аткаминерлер тургундарды шартка ылайык тейлөө жана маршруткалардын санын кыскартуу үчүн борбор калаага кеминде 1300-1500 автобус жана тролейбус керектигин айтышууда.

Бишкек мэриясынын Шаардык траспорт башкармалыгынын автопаркынын балансында 476 автобус бар, анын ичинен 300 автобус жарактан чыгып токтоп турат. Учурда шаарды күнүнө 130 троллейбус жана 85 автобус тейлейт.

Материалдын автору: Аделя Именова