ӨКМдин жоокери Бекзат Эсенбековду сабоого шектүү прапорщик эки айга камакка алынды

ӨКМдин №86123 аскер бөлүгүнүн командири Ырысбек Жолдошбаев кыска мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан Бекзат Эсенбековду сабоого шектелген аскер Төрөбай Жаныбек уулу камакка алынганын маалымдады. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирген.

Жолдошбаевдин айтымында, шектүү эки айга камакка алынган. Аскер бөлүгүнүн командири кызматтык текшерүүнүн жыйынтыктары мындан аркы териштирүү үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Ошондой эле ал жабыркаган жоокердин бул аскердик бөлүктө ур-токмок дайыма болуп турат деп айткандары тастыкталбаганын айтты.

Бекзат Эсенбековдун сабалышы

Катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков 31-майдан 1-июнга караган түнү ӨКМдин №86123 аскердик бөлүгүндө ур-токмокко алынган. Ал 4-июнда гана ооруканага табарсыгы жарылып оор акыбалда жаткырылган. Эсенбековдун туугандары аскердик бөлүктө аскерден дайыма акча опузалашып, катуу сабап жүрүшкөнүн айтышкан.

7-июнь күнү Башкы прокуратура ӨКМнын аскердик бөлүгүнүн прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулу кармалганын билдирген. Ал 20 жаштагы кыска мөөнөттүк тартипте кызмат өтөп жаткан катардагы жоокерди сабоого шектелип жатат.

Мекемеден ошол эле күнү жоокердин атасы прокуратурага арыз жазып кайрылганын билдиришкен. Арызында 1-июнь күнү Чүй облусунун Беловодское айылында уулу Бекзат Эсенбековду прапорщик Жаныбек уулу сабаганын айтып берген.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен кылмыш ишин иш козгогон.

Муну менен катар ошол эле күнү Инстаграмда катардагы жоокердин туугандарынын кайрылуусу пайда болгон. Алар прапорщик Эсенбековду 31-майдан 1июнга караган түнү кезметте турган кезде «түнү бою катуу сабаганын» айтып беришкен. Ошондой эле алар жабыркаган тууганы дайыма телефонго бирдик салып берүүнү суранып жүргөнүн билдиришкен.

Эсенбековдун жакындарынын айтымында, 1-июнь күнү жоокер телефон чалып, пневмония болуп калганын, санитардык бөлүмгө которулганын кабарлаган.

ӨКМден 1-июлда аскерди кезметте турган фельдшер текшерип, катардагы жоокердин буту шишип кеткенин аныктаганын билдиришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, аскер 2-июнда Беловодск айылдык ооруканасына жеткирилип, ал жерден ага «пневмония» диагнозу коюлуп, шаардык Клиникалык тез жардам ооруканасына жөнөтүлгөн.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бекзат Эсенбековдун сабалганына байланыштуу аскер бөлүгүнүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынан убактылуу четтетилгенин белгилеген.

Ал окуяга байланыштуу «бейтарап текшерүү» жүргүзүлүп, «күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчиликке тартыларын» убадалаган.