Журналистке ыдык көрсөтүү боюнча иш «жорук жасалган эмес» деген негизде кыскартылды

Журналист Айдай Токоевага ыдык көрсөтүү иши  боюнча сотко чейинки өндүрүш кыскартылды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Соттон иш 2021-жылдын 16-июнунда «жорук жасалган эмес» деген негизде кыскартылганын айтышты. Бул иш окуядан кийин эле дароо 7 күндөн соң кыскартылганын түшүндүрөт, бирок бул тууралуу бүгүн гана белгилүү болду.Окуянын өзү 9-июнга караган түнү Токоева үч курбусу менен Бөкөнбаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кетип жаткан учурда болгон. Анда аларды көздөй келе жаткан балдардын тобу кыздардын жанынан өтүп баратып Токоеваны жамбашка чапкан.

«Бир секунд нес болуп туруп калдым, анткени жанымда ушунча курбум турса мындай болуп кетет деп күткөн эмес элем. Бирок андан кийин эсиме келип, милицияга чалып, аны кармоого аракет кыла баштадым», — деп билдирген Токоева.

Милиция бул фактыны «Майда бейбаштык» беренеси боюнча КЖБРге каттаган.

Видео жарыялангандан кийин ыдык көрсөтүү окуясы коомдо чуу жараткан. Көп өтпөй милициядан 1999-жылы туулган жигит өзү келип, кечирим сураганын кабарлашкан.«Беттешүүдө ал кечирим сурап, ишти токтотууну суранды. Мас абалында болгонун, капыстан мага тийип кеткенин айтып актанды. Бирок ишти токтотоордон таптакыр баш тартканымда “болбогон нерсе үчүн ушунчалык да ызы-чуу кыласыңарбы” деди», — деп айтып берди Токоева.

Аталган жигит суракка келип турууга милдеттенме алгандан кийин бошотулган болчу.

2021-жылы 13-июнда Бишкекте ыдык көрсөтүүгө каршы тынчтык жөө жүрүшү өткөн. Анда 30дай кыз «Россия» кинотеатрынан ЦУМга чейин «Ыдык көрсөтүү — бул кылмыш» деген жазууларды көтөрүп жөө басып өтүшкөн.

Акциянын катышуучулары бул аракети менен Кыргызстанда ыдык көрсөтүү үчүн жазаны күчөтүү керектигин жеткирүүгө аракет кылышканын айтышкан.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Алардын көпчүлүгү коомчулуктун сөзүнө калуудан коруп же милиция жардам бере албайт деген ойдон улам эч качан укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.