Бишкектин экс-вице-мэри Азат Узаков 18-августка чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азат Узаковдун баш коргоо чарасы дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Соттон билдиришкендей, Узаков 18-августка чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот. Баш коргоо чарасы 16-июнда каралды.

Узаков мектеп курууга багытталган бюджеттик каражатты кымырып алууга шектелип 18-февралда кармалып, эки айга камакка алынган. Аны менен чогуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин бөлүм башчысы А.Э.Ж. жана «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзат Токтобекова кармалып, алар да эки айга камакка алынган.

Узаков өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүн жетектеп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын сүрөмөлөө максатында коррупциялык схема уюштурууга шектелген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектепти курууда Узаков бир нече жолу «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын кызыкчылыгын колдогон. Жыйынтыгында тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш ченемдери бузулуп, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 10,8 миллион сомду түзгөн.

Азат Узаков вице-мэрлик кызматка 3-сентябрда дайындалган. Ага чейин президенттик администрацияда иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңештин кызматкеринен «субординацияны сактоону» жана «кызматты сыйлоону» талап кылганы менен белгилүү.

2022-жылдын 12-мартында Бишкектин вице-мэри Азат Узаков ээлеген кызматынан бошотулган.