Temirov Live’ды каралаган видеодогу үн «Регион ТВнын» кабарчысына таандыкпы?

Журналист Алишер Асанов, Активист Нуртилек Туратбек уулу жана Өткүрбек Рахманов.

Активист Нуртилек Туратбек уулу Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана командасын каралаган видеодогу үн «Регион ТВ» телеканалында иштеген кабарчы Алишер Асановго таандык экенин аныктап чыкканын билдирди.

Активист алгач Фейсбукта «Адамдар Арасында» фейк аккаунту тараткан видеону көчүрүп алып, аны үн жасоочу apihost программасын жүктөгөн. Программадан өзгөртүлгөн үндү баштапкы абалына келтирүүгө аракет кылган.

Туратбек уулу иликтөөчү журналисттерди каралаган видеону монтаждоодо «өтө төмөнкү деңгээлдеги ыкмалар» колдонулганын белгилейт.

Андан соң активист Болот Темиров УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу иликтөө жасагандан кийин кармалганын жана Temirov Live’дын кеңсесинде тинтүү жүргөнүн эске алып, видеодо коштогон үндү «Регион ТВнын» сюжеттеринен издеген.

Туратбек уулунун айтымында, Temirov Live’дын командасын каралаган видеододогу үн аталган телеканалда иштеген кабарчы Алишер Асановдун үнүнө аябай окшош.

Активист Temirov Live’дын журналисттерине Алишер Асановго карата соттук доо арыз даярдоону сунуштады. Ал «Асанов жок эле дегенде бир нече кылмыш иши боюнча жоопко тартылышы мүмкүн» деп эсептейт.

Активист видеого тиешеси бар башка да адамдарды табуу үчүн жана Асановдун пикирин билүү үчүн Башкы прокуратурага кат жолдогонун кошумчалады.

Ал эми «Регион ТВнын» жетекчиси Өткүрбек Рахманов «Клоопко» телеканалдын жана анда иштеген кызматкерлердин видеого «эч кандай тиешеси жок» деп билдирди.

Рахманов Нуртилек Туратбек уулунун иликтөөсүн «Темировдордун кезектеги калпы жана адаттагыдай эле маалыматтык манипуляциясы» деп атады.

«Болот Темиров же анын тобундагылар наркоманбы жокпу, бузукубу же бузуку эмеспи, паспорттору өздөрүнүкүбү же бирөөнүн аскер билетине өзүнүн сүрөтүн чаптап алып, кыргыз элин алдап жүрөбү, сырткы донорлордон бир амалдап акча алып, жан баккан аферистпи же чындап эле өздөрү айткандай "коррупцияга каршы күрөшүүчүлөрбү" аны биз билбейбиз», — деди ал.

«Регион ТВнын» жетекчиси телеканалды «өздөрүнүн оюндарына аралаштырып, куру доомат койбоого» чакырды.

Рахманов Алишер Асанов телеканалда жакындан баштап эле иштеп баштаганын кошумчалады. Бирок «убакытты көп албаңыз, башка да иштерим бар» деп Алишеров кайсыл айдан баштап ишке киргенин так айткан жок.

Асанов болсо Фейсбук барагында ал чындап эле «Регион ТВ» каналында иштегенин көрсөткөн. Ал 2022-жылдын 17-февралында аталган телеканалда иштеп жатканын жарыялаган.

Temirov Live’дын командасын карлаган видео жарыялангандан кийин бир катар журналисттер видеодогу үн «Регион ТВнын» жетекчиси Өткүрбек Рахмановго таандык деп айтып чыгышкан. Анда Рахманов видеонун жасалышына анын тиешеси жоктугун жана кадр артындагы үн аныкы эместигин айткан.

«Регион ТВ» менен Камчыбек Ташиевдин байланышы

«Регион ТВ» Юстиция министрлигинин базасында «АРТВ телерадиокомпаниясы» деп катталган — алгач анын башкы директору болуп «Мекенчилдин» мурдагы талапкери Рамиз Каимов көрсөтүлгөн болчу. Бүгүнкү күндө «Регионду» Эрали Маматов жетектейт.

«Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуга берген маегинде телеканал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу болгонун тастыктаган.

«Регион ТВ» каналы көбүнө президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кылган иштерин чагылдырып, бийликтин иш аракеттерин байма-бай чагылдырып келет.

«Коркутуу жана шантаж». Биргелешкен журналисттик иликтөө

Пропагандалык видеодо Temirov LIVE долбоорунун кызматкерлери, анын ичинде Темировдун аялы кеңсенин сыртында чылым чегип турганын көрсөткөн, жашыруун тартылган сүрөт колдонулган. Булагы белгисиз.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган соң, 2022-жылдын январь айында Фейсбуктагы анонимдүү барактарда Темировду «наркоман жана чыккынчы» деп мүнөздөгөн бир нече видео жарыяланган. Видеодо Темировду чет өлкөлүктөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн «агент» катары көрсөтүү үчүн милиция тартып алган компьютерлерден алынгандай көрүнгөн донорлордун баяндамалары, келишимдери жана башка документтер колдонулган.

Кийинчерээк Темировдун командасындагы жаш кыздын интимдик видеосу интернетке жарыяланган. Бул видео «медиа уюм каражат табыш үчүн кызды чет өлкөлүк демөөрчүлөр менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган» деген чындыкка коошпогон айыптоо менен коштолгон.

OCCRP, Kloop жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосу иликтөө жарыялап, Temirov Live каналынын кызматкерлери секс-шантажга, жалган жалаага жана аңдууга туш болгонун аныкташкан.

Иликтөөчү журналисттер жагымсыз жагдай катары, атайын кызмат Темировдун кызматкерлеринин бирин тузакка түшүрүү үчүн атайын бир схеманы уюштурган өңдүү деп билдирген.

Ал эми иликтөөнүн жүрүшүндө Temirov Live каналында иштеген кыз аны УКМКда иштеген кызматкер интимдик видеону жарыялаймын деп шантаж кылганын айткан. Ал эми иликтөөчү журналисттердин укук коргоо органдарында иштеген булагы кызды шантаж кылган адам атайын кызматта иштегенин тастыктаган.

Декабрь айында Темиров чет өлкөдө жүргөн кезде анын кайниси ижарага алынган батирдеги шкафтын алдынан белгисиз жабдыктарды: санарип видеокамераны, Wi-Fi роутерин, колго жасалган заряд берүүчү аппаратты, микрофонду жана бир нече зымды таап алган. Андан кийин конок бөлмөнүн дубалына жашыруун камера орнотулганы белгилүү болгон.

Чынында эле Темиров менен аялынын сүйлөшүүлөрү кийинчерээк интернетке жарыяланган видеолордо колдонулган.

Дагы окуңуз:

Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?