Эргешбаева: Министр Бейшеналиев талкууну үзгүлтүккө учуратты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мамлекеттик кызматкердин этикасын одоно бузуп «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланып жатканда үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева Фейсбук барагында билдирди.

Эргешбаеванын айтымында, 20-июнда радиолордун биринде эфир аркылуу мыйзам талкууга алынмак, бирок имаратка министр кирип келип, берүүгө тоскоолдук кылган.

«Бейшеналиевге жарандык коомдун “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун караган мекемелер аралык жумушчу топтун иши натыйжасыз болгону тууралуу президентке кайрылуу жолдогону жакпай калыптыр», — деп жазды юрист.

Юристтин пикиринде, Бейшеналиев мындай кадамы менен басма сөз каражаттарынын эркиндигине, сөз эркиндигине, өз оюн жана сын көз карашын айтуу эркиндигине тап берди.

«Мени башка нерсе таң калтырды, бул саясий кызматтагы адамдын ЖМКга, сөз эркиндигине жана мекемелер аралык жумушчу топтун төрайымы Мээрим Осмоналиевага түздөн-түз басым жасашы сейрек кездешүүчү прецедент. Анткени программада мыйзам долбоорунун мазмунуна байланышкан сындар камтылган болчу, ал эми министрдин жеке өзү тууралуу сөз дагы болгон эмес. Жарандык коом билим берүү тутумундагы системалуу көйгөйлөр тууралуу сөз кылып жаткан», — деп жазды ал.

Юристтин айтымында, министр сынга даяр болуп, ар бир айтылган сөзгө терикпеши керек.

Июнь айында Кыргызстандагы 80ге жакын уюм президетке кайрылып, билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алууга көрмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Алар Бейшеналиев билим берүү тармагындагы системалык жана сапаттык өзгөртүүлөргө атайылап бут тосуп жатат деп нааразы болушкан.

Бул билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев чырдын чордонунда калган биринчи учур эмес. Буга чейин ал «Акипресс» басылмасына Сузактагы окуучуну сабаган мугалим тууралуу комментарий берген. Анда Бейшеналиев мугалимдерди «ошого жеткиришет» жана «мунун баары балдардын тарбиясынан» деген. Мындан улам министрге карата сындар күчөгөн.

Бейшеналиев ошондой эле министрлик билим берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыкканын, анда балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жана билим берүү мекемелеринин жоопкерчилиги каралганын айтып берген.