Шайлообек Атазов мектептердеги билим берүү системасын сынга алды

Жогорку Кеңештин 22-июнундагы отурумунда депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандагы мектептердин орто билим берүү системасын сынга алып, бир катар сунуш киргизди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 млн 350 миң окуучу окуйт экен […]. “Алтын тамга” сертификатына 80 окуучу ээ болду […] Кыргыз Республикасында 2341 мектеп бар. 345 мектеп авариялык абалда турат. Ушул көйгөйлөрдү айтуу менен мектептерде маселе көп деп айткым келет», — деди Атазов.

Депутат эгер билим берүү министри «улуттун интеллектуалдык дараметин ишке ашыра албаса, анда ал отставкага кетиши керек» деп эсептейт.

«Айылдагы ата-эне акыркы коюн, акыркы уюн сатып болсо да, балам билимдүү болсо деген тилеги бар, контрагын төлөйт. Ушул билимге болгон сүйүү менен биз башка улуттардан өзгөчөлөнөбүз. Эми улуттун интеллектаулдык потенциалын толук түрдө ишке ашырууда биринчи милдет бул — Билим берүү министрлигинин милдети», — деди Атазов.

Атазовдун пикиринде, билим берүүнүн деңгээли ар кайсыл райондордо ар башка жана министр бул багытта иш алып барышы керек.

«А балким айылдарда чыныгы генийлер жүрөт азыр, таза булактын суусун ичип, таза аба менен дем алып дегендей… Ошолорду биз бүгүнкү күндө чукуп таппастан, 11-классты бүтүп миграцияга кетип калып жатат. Алар ошондон ары баягы талантын өстүрө албай калып жатат [...] Экинчи, мектептерде бүгүнкү күндө басым көп, көпчүлүк предметтерди кайрадан инвентаризация кылыш керек. Түшүнүксүз предметтер бар. Анын ордуна шыктандыруучу предметтерди, команда менен иштөө, сатып кетпөө, чечимди тез кабыл алуу сыяктуу шыктандырган предметтерди күчөтүшүбүз керек», — деди Атазов.

Депутат ошондой эле дин таануу жана чет тилдери боюнча сабактарга да токтолду.

«Биздин мектептерде тил үйрөнүү стратегиясын иштеп чыгуу керек. Себеби бүгүн мектептерде мамлекеттик тилди билбей чыгып жаткан окуучулар бар. Бул жерге келип алып мамлекеттик тилде сүйлөй албай, “чулдурап” жаткан чиновниктерди көрүп кыжырың келет […] Орус, англис тилин — биздин окуучулар жок дегенде үч тилди билип чыгышы керек […] Азыр диндердин өнүгүшү деген сабак киргизип койду. Аны ким, качан окутары боюнча билим берүү министри так маалымат берген жок. Азыр ата-энелер чалып кандай диндерди үйрөнөт, коркунучу жокпу деп сурап жатышат», — деп кошумчалады депутат.

Атазов ошондой эле аскерге чейинки даярдык сабактарында окуучуларга автоматтарды бериш керек деп кошумчалады.

«Жок дегенде жыгачтан автомат жасап, таштан граната жасап, ыргытканды үйрөтүш керек балдарга. Себеби, бүгүн Билим берүү министрлиги менен Коргоо министрлиги отуруп, сиз бизге автомат берип турасыз ушул сабактарда, кайра алып кетип турасыз деп биргеликте ушуну киргизсе, 10-11-класстын балдары чек араны коргоого, мекенди сүйүүгө, улутту коргоого, элди коргоого болгон бир тарбия менен өсөт эле», — деп эсептейт депутат.

Парламент депутаты ошондой эле балдарды «мекен үчүн жанын берүүгө даяр» болгондой тарбиялоо керек деп эсептейт.

«Бүгүн кудай сактасын, чек арага бир кол салуу болсо, ким коргойт десе, “ошол офицер кесибин тандагандар коргой берсин” деп атат балдар. А силерчи десең, “биз Европага чыгып турабыз, анан киребиз бүткөндө” деп. Бул патриоттук эмес. Мекен үчүн жанын бергенге даяр уул-кыздарды өстүрүшүбүз керек», — деди депутат.

Мектептердеги аскердик даярдык

Мектептерде аскерге чейинки даярдыкты мурдагы деңгээлге жеткирип, ар бир облуста аскердик коллеждерди ачуу тууралуу 6-июнда коргоо министри Бактыбек Бекболотов айткан.

Анын айтымында, тийиштүү «иштер алып барылып жатат».

«Билим берүү министрлиги менен чогуу [аскерге чейинки даярдыкты] мурунку деңгээлге жеткирели деп жатабыз. Билим берүү министрлиги биргеликте ар бир облуска аскердик коллеж ачып алсак. 9-10-11-класста окуган балдарыбыздын көбү бүгүнкү күндө көңүлсүз калып жатат. Интернетте көрүп атасыздар, коңшу мамлекеттерде свастика тагынып жүргөндөр бар, ушул Борбордук Азияда, тилекке каршы. Бизде дагы ошонун тарапташтары эбак эле бар. Ошондой болбош үчүн коллеж ачып алсак. А мындай, көңүлсүз калган балдарыбыз, бүгүн же фашизмге же экстремизмге кирип кетет», — деген ал.

Бекболотов аскер коллеждеринде окуган окуучулар аскерге барууга милдеттенбесин, бирок ал жерде «тарбия» алышарын кошумчалады. Коргоо министри сөзүнүн аягында депутаттарга мыйзам долбоору даяр болгондо эл өкүлдөрүнө сунушталарын айткан.