Экономика министри: Кыргызстанда өзгөчө абал режими алына элек

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) Баткен облусундагы “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Депутаттар долбоор чындап эле иш жүзүнө ашырылабы деп күмөн санап, ошондой эле, долбоорду Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашыра турганына нааразы болушту.

Депутаттардан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алып берүүнү суранышты. Анда депутат Дастан Жумабеков бул мүмкүн эмес экенин, фракциялардын жана бардык комитеттердин чечими зарылдыгын белгиледи.

Экономика министрлигинен бул үчүн фракциялардын чечими зарыл эмес экенин, себеби долбоор Өзгөчө абал режими менен байланыштуу экенин айтып жооп беришти.

«Негиздемеде ӨА деген сөз чыккан жок. Ушуну тактап берсин, мен колдойм. Регламент менен кетели, мыйзамдуу болсун, эртең конституциялык палата көрүп дагы ызылдашып жүрбөйлү», — деп талап кылды Жумабеков.

Анда Экономика министрлиги мыйзамдын долбоору кризиске каршы планда бар экенин айтты.

Депутат Адахан Мадумаров Дастан Жумабековдун сөзүн кубаттап, ӨА жөн гана шылтоо болгон деп кошумчалады.

«Ушул мезгилге чейин алынбай турган ӨА режиминде иштеп жаткан кызматкерлерге ӨА шартындагыдай кылып, жогорулатылган айлык төлөп берип атасыңарбы?» — деп сурады ал экономика жана коммерция министри Данияр Аманалиевден.

Депутат ошондой эле өлкөдө ӨА режими барбы, эгер дагы деле ӨА болсо, эмне үчүн алынып салынган жок деп кызыкты.

Амангелдиев Кыргызстанда өзгөчө абал режими дагы деле алына электигин, анткени эпидемиологиялык абал курчуп кетүү коркунучу бар экенин айтты. Ал коронавирус инфекциясы боюнча абалдын начарлоо коркунучу бар экенин баса белгиледи.

«Азыр эпидемологиялык абалдын курчуйт деген тобокелчиликтер бар. Эгерде Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдиктер жок дей турган болсо, анда сөзсүз түрдө алабыз. Азыркы күндө коронавирустун тобокелчиликтери бар», — деди ал.

Депутат Адахан Мадумаров эмне себептен Кыргызстанда дагы деле өзгөч абал режими алынбаганына кызыкты. Амангелдиев эч кайсыл өлкөдө алына элек деп жооп берди.

Кыргызстанга ӨА режими коронавирус пандемиясынан улам, 2020-жылдын 22-мартында киргизилген. Ошентип, өлкөдө өзгөчө абал режими 3 жылдан ашык убакыттан бери узартылып келе жатат.

Кыргызстанда өткөн жумада (13-19-июнь аралыгында) коронавирус инфекциясын жуктуруунун 7 учуру катталды.

Экономика министрлиги: Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар

берет