Садыр Жапаров сырткы байкоо жөнүндө мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө кол койду

Президент Садыр Жапаров «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматынан түзөтүүлөр өлкөнүн бардык аймагындагы тышкы видеобайкоо системасы менен жабдыла турган объектилерди эксплуатациялаган юридикалык жана жеке тараптарга тиешелүү деп белгилешти.

«Бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү бийликтин сунушу менен, тышкы видеобайкоо тутумун орнотууга тийиш болгон уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет.

Кыргызстанда «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзам биринчи жолу 2015-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам аркылуу менчиктин түрүнө карабастан, бардык имараттарды милдеттүү түрдө видеобайкоо системасы менен жабдуу киргизилген. Мыйзам Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдыла турган объекттерди иштеткен юридикалык жана жеке жактарга жайылтылган.

Жалпы аянты 40 чарчы метрден ашпаган, жеңилдетилген типтеги объекттерди кошпогондо, сырткы видеобайкоо тутумдары менен жабдылышы керек болгон объекттерге төмөнкүлөр кирет:

  • коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн ачылган жайлар (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор, көчөлөр, саябандар, жолдордун кесилиштери, көпүрөлөр, темир жол өтмөлөрү, транспорт түйүндөрү, тоннелдер) жана ага жакын жайгашкан аймактар;
  • өнөр жайлык жана башка өндүрүштүк иш же башка ишкердик жүзөгө ашырылган имараттарга, курулуштарга жакын жайгашкан аймак;
  • турак жай, коомдук, администрациялык, көп функциялуу жана өндүрүштүк эмес имараттарга жакын жайгашкан аймак;
  • автоунаалар токтотулуучу жайлар, кооперативдик гараждар.