Ноокатта трактордун айнегин караңгылатканы үчүн айдоочуга 17 миң сом айып салынды

Ноокат районунда трактордун айнегин караңгылатып алганы үчүн фермерге айып салынды. Айыптын өлчөмүнө нааразы болгон видео соцтүйүндөргө тарады.

Видеодогу киши куйкалаган күн нурунан коргонуу үчүн трактордун терезелеринин караңгылатып алганын айтат.

«Жогорку Кеңеште иштегендер, мыйзам жаза тургандар, бул айып пулду көрдүңөрбү? Жер салыгын азайтабыз деп, жыйынтыкты карагыла. Тонировка үчүн алты миң төлөп чыктым. Трактордун айнегин караңгылатып алып банкты тоногону барат дейсиңерби? Күндөн көлөкө болсун деп айнектерин караңгылаткан элем. Ошого жол тескөөчүлөрү 20 миң сом айып пул салып берди. Ушул мыйзамды ким жазган? Башы иштебеген, окубаган бир адам жазган да. Көлөкөдө жүрөлү деп кичинекей караңгылатсак, 20 миң сом жазасыңарбы, эй? Карапайым элдин кызыкчылыгын ойлобойсуңарбы?» — деп нааразы болду ал.

Кийинчерээк ЖКККББдан «Клоопко» трактордун айдоочусуна салынган айыптын өлчөмү 17 миң сомго чейин азайганын айтышты.

«Жол кыймылы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, эгер айдоочу автоунаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин уруксаты жок караңгылатып алса 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат.

Трактор жана өзү жүрүүчү унааларды мамлекеттик каттоонун тартибине ылайык, трактор — алып жүрүүчү транспорт каражаты болуп эсептелет.

2022-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Анда мыйзамдын максаты — автоунаа ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчү лүгүн берүү жана кылмыштуулуктун санын азайтуу экени айтылган.

Мыйзамга ылайык, эгер айдоочу автоунаасынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин уруксаты жок караңгылатып алса ага айып салынат: жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом), юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүч (40 миң сом). Алымдын өлчөмүн жана төлөө тартибин минкаб аныктайт.

«Дүйнөлүк практиканын анализи көрсөткөндөй, унаалардын терезелерин караңгылатуу дүйнөнүн жогорку өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулат. Мисалы, АКШ, Жапония, Кытай жана башка ушул сыяктуу өлкөлөр. Ошондой эле, транспорт каражаттарынын алдыңкы айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө негизинде бизге жакын кошуна Өзбекстан жана Тажикистан өлкөлөрүндө да уруксат берилген», — деп билдиришкен мекемеден.

Материалдын автору: Бегимай Ырыскулова