124 миң сомго курулган ажаткана. Баткен медиа борборунун жаңы имаратынын сапаты сынга алынды

Сүрөт: Баткен/көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаков

Көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаковдун кезектеги иликтөөсүндө Баткен облустук медиа борборунун жаңы имаратынын сапаты баяндалды.

Медиа борбордун жетекчисинин мурдагы орун басары Кайрат Жапаров журналистке имараттын курулушуна 33 млн сом сарпталганы менен эшиктери бузулуп жатканын айтып берген. Ошондой эле ал жыгачтан курулган ажатканага эле 124 миң сом жумшалганын мисал келтирген.

«Ажаткана 124 миң сомго курулуптур. Бул эки бөлүктөн турган, кадимки жыгачтан жасалган даараткана экен. Гырылдап наркы жагынан шамал өтүп турат. Ичи бир метрдей эле калыптыр. Андан кийин толот», — деген Исаков.

Деген менен Баткен медиа борборунун башчысы Мамажан Бердишев «ажаткана болгондон кийин толот да» деп жооп берген.

Ал журналисттин сапатсыз эле курулган ажаткананы кантип кабыл алдыңыз деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, сөздү башка нукка бурган.

«Бул нерсени талкуулоо үчүн акыйкаттык үчүн оң жагыңызга техникалык көзөмөл жүргүзчү тийешелүү адистер менен келишиңиз керек», — деген Бердишов.

Ошондой эле журналист имараттагы эшиктин туткасы жабылбай калып, кагаз тыгып коюшканын көрсөтүп, миң сомдук буюм эмес экенин айткан. Тасмадан эшиктин шруптары бошоп, шарактап калганын көрүүгө болот.

Бул учурда да жетекчи эшикти ар кандай пайлангандар бар деп, аны оңдоо кызматкерлерге жүктөлөрүн айткан.

Ал эми Ыдырыс Исаков имаратты курган «Автоэнергоснаб» ЖЧКсы Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарын калыбына келтирүү боюнча атайын өкүл Мамыржан Рахимовго таандык деп божомолдогон. Бул маалыматты борбордун кызматкерлери да ага тастыктаган.

Медиа борбордон чыгып журналист Рахимовдун иш бөлмөсүнө барып, аталган компания сизге таандыкпы деген суроо узаткан. Президенттин атайын өкүлү маалыматты четке кагып, «менде азыр фирма жок» деген.

«Мурда иштегенмин. Азыр болсо менин фирмам жок. Ага таптакыр тийешем жок. Медиа борбор курулуп жатканда көп барганмын, барганымды танбайм», — деп жооп берген Рахимов.

Андан соң журналист ажаткананын баасы жана абалы боюнча суроо узаткан. Рахимов курулуштун баасын компания аныктай турганын айтып, азыр андай ажаткананын сметасы 800 миң сомго чейин чыгып жатканын белгилеген.

Кымырылган миллиондор

Ал эми облустук прокурор Кудаяр Байматов имарат сапатсыз курулганы боюнча облустук капиталдык курулуш башкармалыгына «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголуп, сотко өткөнүн билдирди.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 18-май күнү Башкы прокуратура Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Баткен облустук медиа борбордун имаратынын курулушунда келтирилген зыянды төлөп беришкенин билдиришкен.

Анда аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери сметалык баасы 38,4 млн сомду түзгөн имараттын курулушун акт менен кабыл алган. Бирок текшерүүдө ортомчу компания тарабынан 11,4 млн сомдук курулуш иштери аткарылбагандыгы аныкталган.

Баткен облустук медиа борбордун имаратын куруу үчүн 2016-жылы тендер өткөрүлүп, 2017-жылы курулуш иштери башталган. 2020-жылы имараттын курулушу аяктап, пайдаланууга берилген.