Баткен медиа борборунун имаратын курууда кымырылган 11 млн сом кайтарылды

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Баткен облустук медиа борбордун имаратынын курулушунда келтирилген зыянды төлөп беришти. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери сметалык баасы 38,4 млн сомду түзгөн имараттын курулушун акт менен кабыл алган. Бирок текшерүүдө ортомчу компания тарабынан 11,4 млн сомдук курулуш иштери аткарылбагандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук кароого жиберилген.

Өткөн жылдын ноябрында Башкы көзөмөл органы Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары мамлекетке жалпысынан 12 млн сомдон ашык зыян келтиргенин билдирген.

Андан сырткары облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн бүтпөгөн жумушка 1 млн сом которгону айтылган.

Баткен облустук медиа борбордун имаратын куруу үчүн 2016-жылы тендер өткөрүлүп, 2017-жылы курулуш иштери башталган. 2020-жылы имараттын курулушу аяктап, пайдаланууга берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокуратура: Баткен бийлиги мамлекетке 12 млн сом зыян келтирди