Ноокатта өспүрүм бала теңтуш кызды зордуктоого шектелип жатат

Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 16 жаштагы кызы зордукталганын айтып милицияга кайрылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 23-июнга караган түнү рейд учурунда милиционерлер жашы жете элек кызды көчөдөн көрүп калышып, аны үйүнө жеткиришкен.

Үйүнө барганда өспүрүм ата-энесине ошол күнү зордукталганын айткан. Мындан улам атасы эртеси күнү милицияга арыз менен кайрылган.

ОИИБден зордуктоого кыздын теңтушу шектелип, териштирүү иштери уланып жатканын белгилешти. Жабырлануучу менен шектүүнүн жашы жете электигине байланыштуу милициядан башка маалымат берүүдөн баш тартышты.

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери эле балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталды. Анын 55и — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ал эми 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылган. Жабырлануучулардын 118и сексуалдык зомбулукка туш болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокатта 6 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды