Талас каналына чөгүп кеткен эки өспүрүм кыздын сөөгү жерге берилди

Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынында Талас каналына чөгүп кеткен 13-14 жаштагы эки кыздын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, каздар эки башка класста окушчу. Алар эч кимге айтпай сууга түшкөнү эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Жакындары кыздарды издеп каналга барганда жээктен кийимдерин табышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кыздар 24-июнда сууга чөгүп кетишкен. Ал эми алардын биринин сөөгү 25-июнда, экинчи кыздын сөөгү кийинки күнү гана табылган.

Ошол эле, 24-июнь күнү Кара-Буура районунун Үч-Булак айылында 11 жана 13 жаштагы эки бала Киров суу сактагычына чөгүп кеткен. Куткаруучулар өспүрүмдөрдүн сөөгүн 25-июнда таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Тема боюнча:

Талас: Сууга чөгүп кеткен төрт өспүрүмдүн үчөөнүн сөөгү табылды, бирөө изделип жатат