Талас: Сууга чөгүп кеткен төрт өспүрүмдүн үчөөнүн сөөгү табылды, бирөө изделип жатат

Талас облусунун Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кетти. Үчөөнүн сөөгү табылып, бирөө изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 24-июнда ӨКМге Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычына 13 жана 11 жаштагы эки бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Алар Үч-Булак айылынын тургундары болгон.

Жерине Кара-Буура райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын үч куткаруучусу барып, балдарды таба алышкан эмес. Ал күнү издөө иши убактылуу токтотулган. Ал эми 25-июнда саат 9:30 чамасында куткаруучулар эки баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп берди.

24-июнда министрликтин ыкчам кызматына Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну Талас каналына 14 жана 13 жаштагы эки кыз чөгүп кеткенин кабарлаган.

Издөө ишине Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 10 куткаруучусу тартылган. Жергиликтүү тургундар бир кыздын сөөгүн 25-майда эртең мененки саат 8:30да табышкан. Экинчиси изделип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чоңдордон өспүрүм балдарды көзөмөлүсүз сууга түшүүгө жибердөөнү эскертти.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын 14 жана 15 жаштагы тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен. Балдардын сөөгүн айылдаштары ошол эле күнү кечки саат 22:30 чамасында суудан алып чыгышкан.

Тема боюнча:

Бишкекте 3-класстын окуучусу аквапаркка чөгүп кетти. Милиция окуяны териштирүүдө

Өзгөн: Кемпир-Абад суу сактагычына эки өспүрүм чөгүп кетти