УКМК атайын кызматтын атын жамынып пара талап кылган киши кармалганын кабарлады

Жалал-Абад облусунда өзүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырган киши 1 500 доллар пара опузалаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 24-июнда комитетке Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын башкы имамы жана «Жума» мечитинин имамы кайрылган. Алардын айтымында, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган киши кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, 1500 АКШ долларын талап кылган. Акча каражатын сыркоолоп жаткан кызына жумшай турганын билдирген.

Ошол эле күнү шектүү акчанын бир бөлүгүн — 14 000 сом — алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматтык күбөлүгү табылган. Жалган кызматкер Ош шаардык Жаза аткаруу кызматынын ТИЗОсуна киргизилди.

Март айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүн атайын кызматтын өкүлү деп тааныштырып, 300 миң сом опузалаган шектүүнү кармаган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, УКМКнын атын жамынган киши жабырлануучунун тууганынын ишинде көмөк көрсөтүүнү, ошондой эле Талас облустук сотунда жана прокуратурадан оң чечим чыгартып берүүнү убада кылган.

Шектүү 4-мартта аялдан талап кылган акчанын 200 миң сомун алып жаткан учурунда кармалып, «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.