Жалал-Абадда мектеп бүтүрүүчүлөрү бараткан унаа жардан кулап кетти

Жалал-Абад облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрү бара жаткан унаа жардан кулады. Маалыматты «Клоопко» Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан ырасташты.

Окуя 18-июнь күнү, саат 20:00 чамасында Кербен — Үч-Коргон унаа жолунун Жийде-Бел тилкесинде болгон. ЖКККББнын маалыматына ылайык, жардын бийиктиги 8 метр.

«Жийде-Бел аймагында 8 метр бийик жардан унаа кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган бүтүрүүчү класстын беш окуучусу ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

«Турмуш» басылмасы окуя болгон күнү өспүрүмдөр ата-энелердин уруксатын албай, автоунааны айдап чыкканын, ичинде 2005-жылы туулган үч, 2004-жылы туулган эки өспүрүм болгонун белгилешти.

Жаракат алган өспүрүмдөр ооруканага жеткирилген. Шамалдуу-Сай аймактык ооруканасынын дарыгери Үсөн Алишовдун айтымында, окуучу кыздардын бирине операция жасалат, анын буту сынган. Ал эми калган балдар абалына карап үйлөрүнө чыгарылат.

Тема боюнча окуңуз: Ошто «Гелендвагенде» бараткан өспүрүмдөр жол кырсыгына кабылышты