Саул «Камело» Альварес Дмитрий Бивол менен дагы бир жолу таймашуу ниетин билдирди

Дүйнөнүн орто салмактагы абсолюттук чемпиону Саул «Канело» Альварес WBA”нын жарым оор салмактагы чемпиону Дмитрий Бивол менен кайрадан беттешүүгө ниеттенүүдө.

Альварес Бивол менен рингде дагы бир жолу беттешүү үчүн кайрадан жарым оор салмак категориясына чыгууну пландаганын айтып чыкты.

«Эгер кайрадан Бивол менен беттешсем жарым оор салмакка чыгам, анткени мага эч кандай актануунун кереги жок. Мага эч кандай шылтоолордун кереги жок. Эгер мен аны жасасам, жарым оор салмакта кылам», — деди ал.

8-майда Лас-Вегас шаарында кыргызстандык Дмитрий Бивол мексикалык Саул «Канело» Альварес менен мушташып, WBA чемпиондук курун сактап калган.

Альварес үчүн бул утулуу анын бүткүл карьерасындагы экинчи жеңилүү болуп калган. Бирок спортчу жеңилүүнү моюндабай, калыстар баа берүүчү карточкалардан адашты деп айтууда. Альварес биринчи жолу 2013-жылы кенже Флойд Мейвезерге утулган. Альварестин эсебинде жалпы 57 жеңиш бар.

Бивол мексикалык спортчу менен беттешке кыргыз желегин көтөрүп чыккан.

Орусиянын «Известия» басылмасы Биволго Орусия Федерациясынын гимнинин коштоосунда жана орус желеги менен чыгууга уруксат бербей коюшканын жазган. Басылманын маалыматына ылайык, спортчу жана анын командасы кысымга кабылгандыктан беттешке чыгуудан баш тартууну ойлонууга мажбур болушкан. Бирок жыйынтыгында мындай чечим кабыл алынбаганын басылма тактаган. Жеңиштен кийин президент Садыр Жапаров Биволду куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалаган.

«Биз Дмитрийдин бул жеңишине чексиз сыймыктанабыз, анткени спорттук пайдубалы дал Кыргызстанда түптөлгөн. Жердешибизге дүйнөлүк спорттук аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз!» — деп жазган Жапаров.

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында төрөлгөн. Спортчу 6 жашынан тартып бокс менен машыга баштаган. 2002-жылы үй бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен. Бивол 2007-жылы эл аралык класстагы спорт чебери болгон. Ал бокс боюнча WBA, WBC, IBF жана WBO рейтингдеринде эң жогорку орундарга көрсөтүлгөн. Спортчу профессиналдык боксто 20 жеңишти камсыздаган (анын 11и нокаут менен болгон). Ал бир да күрөштө жеңилген эмес.