Жалал-Абад: Ноокенде турак үй өрттөнүп, 49 жаштагы эркек киши каза тапты

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда турак үй өрттөнүп, бир киши каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык аталган райондун Коминтерн айылында болгон. Өрттөн үй толугу менен күйүп кеткен. Кырсык болгон жерден 49 жаштагы кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Өткөн жылдын 27-декабрында Ош облусунун Ноокат райондагы Көк-Жар айылында турак үй өрттөнгөн. Кырсыктан эки жашар наристе, 12 жаштагы өспүрүм, 41 жана 39 жаштагы эки аял каза тапкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Ноокатта өрттөн төрт киши каза болду, эң кичүүсү эки жашта