Президент 1-августтан тартып бардык мамкызматкерлердин маянасын көбөйтүүнү убадалады

Президент Садыр Жапаров 1-августтан тартып бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт деп убада берди. Бул тууралуу ал парламенттин 30-июндагы отурумунда айтты.

Президент маяна мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүү аркылуу жогорулай турганын белгиледи. Ошондой эле, жыл башында медиктер менен мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин айлы көбөйгөнүн эске салды.

«Калган тармактагы бардык кызматкерлердин эмгек акыларын кудай буйруса, алдыдагы 1-августтан тартып көтөрөбүз деген конкреттүү пландарыбыз бар», — деди Жапаров.

Мугалимдердин айлыгы 2022-жылдын апрелинде 80%га көтөрүлгөн. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин: педагогикалык персоналдын айлыгы — 80%га, кичүү жана техникалык персоналдын айлыгы — 80%га, административдик персоналдын айлыгы — 50%га жогорулаган болчу.

30- июнда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке каникулга кетип жаткан депутаттардын алдында сөз сүйлөө үчүн келди.

Ошондой эле парламентте Минкабдын жаңы мүчөлөрү Адылбек Касымалиев жана Бакыт Төрөбаев ант берди.