Жалал-Абадда шаурма жеген 22 адам уулануу белгилери менен ооруканага түштү

Жалал-Абад шаарында массалык уулануу катталып, 22 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июнда уулангандардын баары тез татымдан шаурма жешкен. Учурда бир бейтаптын абалы «оор» деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган 21 адамдын абалы канааттандырарлык, дарыланууну улантышууда.

Аталган факты боюнча Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери териштирүүнү баштады.

Буга чейин Бишкек шаарында да тез татымдан массалык уулануу катталган. 11 адам калаадагы «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнөн шаурма жеген.

Мындан улам аталган түйүнгө пландалбаган текшерүү жүргүзүлүп, тамактануучу жайдын ээсине 13 миң сом айып салынган. Ошондой эле бузууларды жоюу үчүн санитардык көрсөтмө берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнөн тамактанган 11 киши ууланганы айтылды