Бишкек: «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнөн тамактанган 11 киши ууланганы айтылды

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунан Бишкекте массалык уулануу катталганын билдиришти. 5-майга карата жабыркагандардын саны 11ге жетти.

Мекеменин маалыматына ылайык, массалык уулануунун себеби Чүй проспектиси 110 дарегинде жайгашкан «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүндөгү шаурма болгон.

Чүй проспектиси 110 дарегиндеиги «Эл эмне жейт» тез татым түйүнү. Сүрөт: AKIpress.

Тез татым түйүнүнө пландалбаган текшерүү жүргүзүлүп, тамактануучу жайдын ээсине 13 миң сом айып салынды, ошондой эле бузууларды жоюу үчүн санитардык көрсөтмө берилди.

Борбордук санэпидкөзөмөл кызматынан 11 киши ууланган «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнүн иши жагдай толук аныкталып, лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу токтотулганын билдиришти.

Ушундай эле массалык уулануу буга чейин Ошто катталган. Анда таттуу токочко ууланган 40 кишинин 21и жаш балдар болгон.

Эң резонанстуу массалык уулануу учуру былтыр «Империя Пиццы» кафелер тармагында катталган. Анда 318 киши балык этине ууланган. Ага сальмонеллез бактериясы себеп болгон.

Дагы окуңуз: «Империя пиццыдагы» уулануу. Сальмонелла деген эмне?

Кыргызстанда кафеде ууланганда кенемте төлөнөбү, аны кантип алса болот?