Минкабдын басма сөз кызматы: Депутаттар үчүн уюштурулган сый тамакка бюджеттен акча сарпталган эмес

Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн уюштурулган сый тамакка мамлекеттик бюджеттен акча жумшалган жок. Бул тууралуу «Клоопко» министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Минкаб сарпталган каражаттын так суммасын да ачыктаган жок.

30-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров каникулдун башталышынын урматына депутаттарды чайга чакырды. Салтанат «Дасмия» ресторанынын конок залында өткөнү белгилүү болду.

Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрдөн өкмөт башчы уюштурган сый тамакка шоу-бизнестин бир катар өкүлдөрү келгенин көрүүгө болот. Арасында эстрада ырчылары Аскат Мусабеков, Омар, Миргүл Асаналиева жана Элзар Өскөнбаева да бар. Ошондой эле комузчу Эламан Каныбеков да катышты.

Депутатарга «Ынтымак» сейил багында ырдап, эртеси соцтүйүндөрдүн жылдызына айланган Бегимай Турусбекова дагы ырдап берген.

Минкабдын төрагасы 29-майда депутаттарды чайга чакырып жатып, бул маселе боюнча парламент төрагасы Талант Мамытов менен акылдашканын айткан.

«Кап этпесеңиздер, дасторкон үстүндө бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, сиздерди жакшы каникулдарды өткөрүп келүүгө, өзүңүздөрдүн шайлоочулар менен жолугуп келип, бизге дагы бир топ тапшырмаларды ала келиңиздер деп жөнөтүп коюуга уруксат этиңиздер», — деген ал.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Дасмия» конок үйүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири — мурдагы депутат Айсулуу Мамашова.

Былтыр депутаттар сессия бүткөндөн кийин каникулга кетерде Rixos Hall ресторанына чогулуп майрамдашкан.

Тема боюнча:

Акылбек Жапаров депутаттарды эс алууга кетер алдында чайга чакырды