Ошто изделип жаткан 27 жаштагы жигиттин сөөгү каналдан табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Ошто каналдан 27 жаштагы кишинин сөөгү табылганын кабарлады. Буга чейин маркумдун унаасы дарыянын жээгинен табылып, өзү изделип жаткан болчу.

Маалыматка караганда, издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Буура — Араван каналы токтотулган. 1-июль таңкы саат 9:30 чамасында каналдын Ош шаарынын Набережная көчөсүнүн тушунан жергиликтүү тургундар жигиттин сөөгүн тапкан. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бир күн мурда Ак-Буура дарыясынан 19 жаштагы кыздын сөөгү табылып, ал ОшМУнун медициналык коллежинин 2-курсунун студенти экени белгилүү болгон.

Милициядан кыз ич кийимчен болгонун, денесинде гематомалар, сыйрылган жарааттар бар экенин айтышкан.

Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, кыз менен жигит Баткен районунун тургундары. Жакындары аларды дайынсыз жоголду деп милицияга арыз жазган.

Алдын ала маалымат боюнча, кыз балага жолугаардан мурда чогуу жашаган курбуларына экөө бири-бирин түшүнүшө албай жатканын айткан. Кийинчерээк Ак-Буура дарыясына жакын жакта жигитке таандык делген унаа табылган. Ал эми «Турмуш» басылмасы маркумдар кыз-жигит болгонун жазган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. ШИИБден иликтөө иштери бир нече версия боюнча жүрүп жатканын белгилешип, кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убадалашкан болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Ак-Буура дарыясынын жээгинен 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды