Орусия 47 миңге жакын кыргызстандыкты «кара тизмеден» чыгарды

Тышкы иштер министрлиги 47 миңге жакын кыргызстандык Орусиянын «кара тизмесинен» чыгарылганын кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, «майда» административдик жоруктарды жасаган кыргызстандыктардын Орусияга кирүүгө чектөөсү алынды.

Министрликтен белгилешкендей, бул « Орусия тарап менен жүргүзүлгөн иштердин, анын ичинде 2022-жылдын май айындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен» жетишилди.

Бирок дагы 35 миң кыргызстандык дагы деле «кара тизмеде» калууда, алардын арасында Орусиянын аймагынан депортациялангандар дагы бар.

Февралдын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын Федерациялык кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко менен жолуккан.

Мамлекеттик думада өткөн жолугушууда Мамытов Матвиенкодон кыргызстандыктарды «кара тизмеден» чыгарууну суранган. Төрага алар үй-бүлөөлөрү менен бирге боло албай жатканын белгилеген.

Матвиенко «Кыргызстандын миграция тармагындагы тынчсыздануусун тең бөлүшөрүн билдирип, бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешип иштөөнү улантууну сунуштаган».