Беловодск айылында турак үйдө өрт чыгып үч киши каза болду

5-майда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында турак үй өрттөнүп, үч киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин ыкчам кызматына таңкы саат алтыда Карл Маркс көчөсүндөгү үйлөрдүн бири өрттөнүп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине №15 өрт өчүрүү бөлүмү барганда кезде үйдүн 12 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон. 64 жаштагы С.К аттуу үй ээсинин сөөгү короодон табылган. 59 жаштагы К.Б атуу аял киши менен 64 жаштагы эркек кишинин сөөгү үйдүн ичинде болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр маркумдарды үйдөн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныкталып атат.

Буга чейин, 28-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда турак үй толугу менен өрттөнүп, бир киши каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканын айткан.

Тема боюнча:

Бишкектин «Көлмө» конушундагы кампалардын биринде ири өрт чыкты

Жалал-Абад: Ноокенде турак үй өрттөнүп, 49 жаштагы эркек киши каза тапты