Жалал-Абад: Жол кырсыгынан бир адам каза тапты, үчөө ооруканага түштү

Сүрөт:  Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жол кырсыгы катталып, 56 жаштагы айдоочу каза тапты. Дагы үч киши ооруканага жаткырылды.

Маалыматка караганда, 4-июлга караган түнү саат 2:00 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунда «Жигули» жана «Мерседес» унаалары кагыша кеткен. «Жигулинин» айдоочусу жеринде каза тапкан.

Ал эми «Мерседестин» айдоочусу жана эки жүргүнчү Ноокен райондук ооруканасына жеткирилген.

Ушул эле күнү Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Кечки саат 19:30 чамасында Honda Odyssey менен Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалар кагыша кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 7 жаштагы бала менен 69 жаштагы киши каза тапкан. Дагы 12 киши ооруканага жеткирилген.

Бишкек — Ош унаа жолунунда үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам көз жумду.

Ал эми 2021-жылдын 11 айында өлкөдө жол кырсыгынан 780 адам каза таап, 10 миңден ашуун киши жабыркаган.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Жол кырсыгынан эки адам каза болду, бирөө 7 жаштагы өспүрүм