«Жол күзөтчүлөрү кууп келген». Аксыда өспүрүмдүн өмүрүн алган кырсык боюнча иликтөө башталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда унаа оодарылып, 16 жаштагы өспүрүм каза тапты. Күбөлөр кырсыкка жол күзөтчүлөрү себеп болгонун айтышууда. Ал эми милиция бул маалыматты четке кагып, бирок кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Эмне болду?

ОИИБдин маалыматына караганда, окуя 28-июнда саат 16:00 чамасында болгон. Анда Toyota Windom автоунаасын 16 жаштагы өспүрүм башкарып бара жаткан.

Милициядан «өспүрүм жол күзөтчүлөрүнүн жанынан унааны катуу айдап өткөнүн, алар аны тоскондо качып барып оодарылып кеткенин» билдиришти. Өспүрүм оодарылган унаанын түбүндө калып кеткен.

«ЖКККБ кызматкерлери айдоочуну тоскондо качып барып, оодарылып кеткен. Биздин кызаткерлер артынан кууп келип, кырсыкты жараткан эмес. Иштеп жаткан кызматкерлерге бир айдоочу 800 метр алыстыкта автоунаа оодарылып кеткени боюнча маалымат айткан. Мындан улам кызматкерлер жетип барышкан», — деп айтылат маалыматта.

Анткен менен жеринен тартылган тасмада күбөлөр кырсыкка кызматкерлерди айыпташып, өспүрүмдү «жол күзөтчүлөрү кууп келген» деп билдиришкен. Ошондой эле алардын «кайдыгерлигин» сынга алышкан.

«Өлдү тигил бала, тезирээк түш! Өлүп калат азыр тигил бала! Канжалап жерде жатат. Сен кууп келдиң артынан, биз баарын көрүп келдик. Ал жакта адам өлөйүн деп жатат, бул тамеки чегип жүрөт», — деп нааразы болгон күбөлөрдүн бири.

16 жаштагы өспүрүм алган жараатынан улам каза болгон. Анын өлүмүн териштирүү үчүн тергөө иштери башталды.

Мындан сырткары «жол күзөтчүлөрү аны кууп келди» деген маалымат боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Кайгуулчулардан «качып» кыйылган өмүр

Өткөн жылы Ош шаарында патрулдук милиционерлерден качып бараткан 39 жаштагы айдоочу жол кырсыгынан каза тапкан.

Ош ШИИБи күбөлөргө таянып айдоочу «өтө мас абалында болгон» деп билдирген. Милициядан «кайгуул кызматы кырсыктын алдын алуу максатында айдоочуну издеп баштаган» деп билдиришкен. Ошондой эле патрулдук милиционерлер айдоочуну «куубаганын» айтышкан.

«Айдоочу патрулдук милиционерлерге Жапалак айылында кезиккен. Алардын токтотуу боюнча талабына баш ийбей катуу ылдамдыкта качып кеткен. Көп өтпөй Жапалак айылындагы Качыбек участкасынын Ташиев көчөсүндө жайгашкан электр мамычасын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогон», — деп айтылган маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилген. Бирок 16-августта түштөн кийин каза тапкан.

ШИИБ окуяны «Жол кырсыгы» деп каттап иликтеген. Ал эми патрулдук милиционерлердин айдоочуну кууп-куубаганын ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштирген.

Маркумдун жакындары кырсыкка кызматкерлерди күнөөлөп, аларды жоопко тартууну талап кылышкан.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Патрулдук милиционерлерден качып бараткан айдоочу жол кырсыгынан каза тапты