«Айдоочу уктап кеткен». Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков авто кырсыктан каза тапты

Сүрөт: Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков

7-июлда Жалал-Абад облусунда катталган жол кырсыгынан Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков каза болду. Дагы эки киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-июлда таңкы саат жети чамалуу, Чаткал — Кара-Буура унаа жолунда болгон. Облустук милиция Toyota Estima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кеткенин билдирди. Жүргүнчү тарапта отурган Бакирдин Жанузаков окуя болгон жерде каза болгон. Ооруканага жеткирилген эки кишинин абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Чаткал районунун прокурору, юстициянын подполковниги Бакирдин Жанузаков 54 жашта болгон. Прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып иштеп баштаган. Аталган кызматка 2020-жылдын май айында дайындалган. Андан мурда Талас жана Нарын облустарынды прокурор болуп иштеген.


Буга чейин 5-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жол кырсыгы катталып, 56 жаштагы айдоочу каза тапкан. Дагы үч киши ооруканага жаткырылган.