Шаар тургуну маршруткада белгисиз киши аялдарга жана өспүрүмгө ыдык көрсөткөнүн билдирди

Бишкекте шаар тургуну коомдук транспортто баратканда белгисиз адам аялдарга жана өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөткөнүнө күбө болгонун билдирди. Бул тууралуу тургун Twitter барагында жазды.

«Бүгүн [6-июлда] саат 17.30дар чамасында №164 кичи автобуста жыныс мүчөсүн аялдарга такап жаткан бейбаш байкалды. [...] Маршруткада жүргүчүлөр жык болгондуктан, мен эшиктин алдында турсам, жыныс мүчөсүн мага сүйкөй баштады! Алгач бул транспорт жык токтолгундан го деп ойлогом. Андан кийин аны ачуулу көз караш менен карадым. Ошондо тиги шүмшүк менден алыстап кетти!» — деп жазды тургун.

Тургундун айтымында, аталган киши жылып барып жыныс мүчөсүн башка аялдарга такай баштаган. Мындан тышкары, күбөнүн айтымында, белгисиз киши бир убакта 13-14 жаштагы кызга сүйкөнө баштаган.

«Ошол жерден ага кыйкырып жибердим. Шаша-буша Ахунбаев/Молдокулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан качып чыкты. Артынан түшүп, кууп бардым, нес абалда болчумун. Ошондуктан маршрутканын ичинде видеого тарта албай калдым, ага чолом тийген жок», — деп жазды шаар тургуну.

Видеодо аталган жигит кызга кокустан тийип алганын, атайын кылбаганын айткан.