Бишкек — Ош унаа жолундагы авариядан эки киши каза болду

Суусамыр өрөөнүндөгү Бишкек — Ош унаа жолунун 171-чакырымындагы жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду. Дагы үч кичинекей бала ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Лейлек түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, рулду башкара албай оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы айдоочу жана 58 жаштагы аял жеринде каза болгон. Ал эми унаанын ичинде 14 жана 11 жаштагы эки өспүрүм жана үч жаштагы бала Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

AKIpress маалымат агентиги каза болгон жарандар жаш балдардын

атасы менен тайенеси болгонун жазды. Алар Лейлек районунан келе жатып кырсыкка кабылышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда жолунда «Хонда Адиссей» жана «Тайота Эстима» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 7 жаштагы бала менен 69 жаштагы киши каза болгон. Дагы 12 киши ооруканага жеткирилген.

Бишкек — Ош унаа жолунунда үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам көз жумду.

Ал эми 2021-жылдын 11 айында өлкөдө жол кырсыгынан 780 адам каза таап, 10 миңден ашуун киши жабыркаган.