Коронавирус жанданды: Бишкекте илдет жуктуруунун 14 жаңы учуру катталды

Акыркы сутка ичинде өлкөдө СOVID-19 жуктурган 14 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандардын баары Бишкек шаарында. Бир адам ооруканага жаткырылып, 13 бейтап үй шартында дарыланууда.

Вирус жуктургандардын ичинен 10 киши ковиддин белгилеринен улам кайрылса, төрт адамда симптомдор болгон эмес. Бир киши чет өлкөгө кетүү үчүн ПЧР-тест тапшырганда ооруп жатканын билген.

COVID-19 жуктургандардын экөө вакцинанын эки дозасын тең алгандар экени айтылды.

Республикалык штаб 11-июлга карата Кыргызстандын бардык аймактары жашыл зонада экенин, бирок акыркы жумада репродуктивдүү сан илдеттин көбөйө баштаганын көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миңден ашуун кыргызстандыкка вирус жугуп, үч миңге чукул киши көз жумган.