Акылбек Жапаров Ширшов жана Azino777 онлайн-казиносунун өкүлдөрү менен жолукканы айтылды

Temirov Live жана Kaktus Media’нын журналисттери өздөрүнүн биргеликте жасаган материалында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Алексей Ширшовдун коштоосунда кумаркана ишмердигине тиешеси бар чет өлкөлүктөр менен жолугушканын айтып беришти. Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күндө да иштеп жатканы айтылып келет.

Ширшовдун онлайн-казиного тиешеси бар адамдар менен келиши

Бозгун президент Курманбек Бакиевдин тушунда «Дастан» трансулуттук корпорациясынын төрагасы болгон Алексей Ширшов Кыргызстанга 10-майда алып келинген. УКМКдан ал коррупцияга шектелип кармалганын билдиришкен, бирок ошол эле күнү сот атайын кызматтын өтүнүчү менен аны үй камагына чыгарган — Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө ылайык, мындай бөгөт чарасы 26-июлга чейин күчүндө болот.

Бирок Temirov Livе’дын журналисттери Ширшовго үй камагы чет өлкөгө чыгып келүүгө тоскоолдук жаратпаганын айтышууда. Алардын маалыматына ылайык, Ширшов отурган жеке учак 12-июнда Хорватияга учуп кеткен. Иликтөөчү журналисттердин айтымында, буга чейин Алексей Ширшов дайыма учуп жүргөн учак да ошол эле жакта болгон.

Ал эми 1-июлда Kaktus Media өздүк булактарына таянып, Ширшов Рустам Гильфанов жана Ричард Линде деген адамдар менен кайтып келгенин кабарлаган. РБК басылмасы Гильфановду Azino777 («Azino три топора») онлайн казиносунун маркетингин жүргүзгөн Lucky Lab IT-компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири экенин жазган. Гильфанов кумаркана индустриясына тиешеси жоктугун айтып жүргөн.

Рустам Гильфанов.

Журналисттер Гильфанов менен Линде буга чейин дагы Кыргызстанга келип кеткенин аныкташкан. Чек ара кызматы иликтөөчү журналисттерге 2021-жылдын 13-сентябрында борт номери SP-NVM учагында Ширшовдун үй-бүлөсүнүн тышкары Рустам Гильфанов, Василий Весёлый жана Ричард Линде келип кеткенин билдирген.

Чек ара кызматынын журналисттерге Ширшов, Гильфанов жана башкалар 2021-жылдын 13-сентярында Кыргызстанга келди деген жообу. Сүрөт: видеодон скриншот.

Жапаров менен жолугушуу

Ширшов, Гильфанов жана Линде Кыргызстанга келгенден кийин 4-июлда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров жана өлкөнүн башка жогорку кызматтагы жетекчилери Рустам Гильфанов менен жолугушууну ниет кылбаганын билдирген. Ушундай эле жоопту минкабдын басма сөз кызматы да айткан.

Бирок журналисттер чет өлкөлүк коноктор «Дастан» заводуна бет алганын аныкташкан. Заводдун алдынан журналисттер ишкананын аймагына кирип бараткан мамлекеттик кортежди көрүшкөн.

«Айрым унаалар минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровду коштоп жүргөн унаалар болушу мүмкүн деген божомол чоң. Сүрөттөрдө минкабдын башчысы жок. Бирок жарым сааттан кийин машиналар ишкананын аймагынан чыгып кетишкен.

Ишкананын чыга беришинен ишкананын жетекчиси Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен кара жана ак түстөгү эки жолтандас кортеждин артынан жөнөгөн. Ак түстөгү Land Cruiser сот Ширшовду үй камагына чыгаргандан кийин байкалган унаага окшош», — дешет журналисттер.

Алексей Ширшовдуку делген унаа. Сүрөт: Kaktus Media.

Иликтөөчү журналисттердин маалыматын ылайык, Гильфанов ошол эле күнү Грузияга учуп кеткен.

Казино мыйзамы

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик кол коюлган мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналарын айткан.

Мыйзамдын негизги шарттарынын бирине ылайык, Кыргызстандын жарандары кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы чыгып жаткандар буга ишене бербейт, себеби бийлик аталган шарттын аткарылышын камсыздай албайт деп ойлошот.Ошондой эле мыйзамга «онлайн-казино» жана «виртуалдык-электрондук казино» түшүнүгү киргизилген. Минкаб мыйзам кабыл алынгандан кийин бул тармакты жөнгө салуучу тиешелүү укуктук ченемдерди иштеп чыгууну убадалаган. Депутат Дастан Бекешев бул тууралуу кооптуу жагдайлар бар экенин айтып, онлайн-казинону көзөмөлдөө мүмкүн эместигин белгилеген.