ИИМ кримтөбөл «Дөө Чыңгызды» кармоого багыттык маалымкат бербегенин билдирди

Ички иштер министрлиги эки адамды, анын ичинде «Дөө» деген каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоого багыттык маалымкат бербегенин билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» министрликтин басма сөз катчысы Тилек Оторовго таянып жазды.

Оторов соцтүйүндөрдө тараган маалымкаттын сүрөтү «эч кандай юридикалык күчкө ээ эместигин» белгиледи.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул кагазда каттоо номери жана министрдин орун басарынын колу коюлган эмес. Ошондуктан, документ юридикалык күчкө ээ эмес», — деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин соцтүйүндөрдө УКМКнын спецназынын талаптарына баш ийбей кетип калган унаанын айдоочусун, ошондой эле кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоого ИИМ тарабынан берилген багыттык маалымкаттын сүрөтү таркаган. Маалымкатта Жумагулов «“Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун” активдүү мүчөсү» катары көрсөтүлгөн.

ИИМдики делген багыттык маалымкат. Сүрөт: AKIpress

Анда шектүүлөр кармоо учурунда УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, саат 18:00дөр чамасында Бишкекке жакын Көк-Жар айылында изин суутуп кетишкени айтылган.

Атышуу болгон эмес деген УКМКнын билдирүүсү

8-июль кечинде бир катар ЖМК «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кирмтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен УКМКнын «Альфа» спецназынын кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгонун жазып чыгышкан. Алардын маалыматына ылайык, спецназ кримтөбөлдү кармоого аракет кылган, бирок ал качып кеткен.

Кийин «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус жолтандасатын алдын тороп, ичинен спецназдар чыккан видео пайда болгон. Бирок жеңил унаа кичи автобусту айланып өтүп, качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок ал унаанын ичинде Чыңгыз Жумагулов болгон же болбогонун так аныктоого азырынча мүмкүн боло элек.

Ал эми 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратып, Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракети жана ок атышуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбесин билдирген. Алардын маалыматына ылайык, 8-июлда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Ошол эле кезде атайын кызмат бул иштин чоо-жайын, анын ичинде Жумагулов кармалып-кармалбаганын ачыктаган эмес.

9-июлда Kaktus Media кримтөбөл дагы деле кармала электигин, ал өзү туулуп-өскөн Чүй облусундагы Ичке-Суу айылына жакын жердеги белгисиз аймакта жашынып жатканын жазган.

Чыңгыз Жумагулов

Чыңгыз Жумагулов крим дүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен таанымал. Ал «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары белгилүү «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп аталып жүрөт. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Көлбаевди Кыргызстанда «кылмыш дүйнөсүнүн анабашчысы» экенин айткан.