Мектеп директорлорун тандоо: Автоматташтырылган тестирлөө сынагына онлайн көз салууга болот

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев.

Мектеп директорлорун тандоочу сынак толугу менен автоматташтырылган тестирлөө түрүндө өтөт жана коррупцияга каршы күрөштүн негизи болгон адам факторун жокко чыгарат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 13-июлдагы маалымат жыйынында билдирди.

Министр директорлорду дайындоонун жаңы механизми кыйла жөнөкөй жана ачык-айкын болорун белгиледи. Анын айтымында, ким кааласа сынакка онлайн режимде көз салса болот.

«Жаңы механизмдин биринчи өзгөчөлүгү директорлук кызматка талапкер, сынакка катышуу үчүн документтердин пакетин сайтка өз алдынча жүктөгөнүндө. [...] Аудиториялар, онлайн режиминде чагылдырып бере ала турган видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылып, тестирлөөнүн жыйынтыгы талапкерлерге заматта чыгарылат», — деп түшүндүрдү ал.

Бейшеналиев тестте башкаруучулук менеджмент, педагогика, психология, IT-технологиялар, конфликттерди чечүү жана билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актылар сыяктуу темалар камтыларын кошумчалады.

«Мугалим бүткүл билим берүү системасынын өзөгү болсо, директор – мектептин өзөгү. Биринчи кезекте мектептеги билим берүүнүн сапаты жетекчинин ишмердүүлүгүнөн көз каранды. Мындан ары мектеп жетекчилигин дайындоодо ачыктыкты камсыз кылабыз», — деп убадалады министр.

12-июлда президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мындан ары мектеп директорлору конкурс аркылуу тандалып, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Жарлык кесипкөй жетекчилердин кадрдык курамын түзүү максатында кабыл алынганы белгиленген. Конкурсту билим берүү министрлигине караштуу «Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» уюштурары айтылган.

Билим берүү министрлиги өлкө боюнча 966 мектепте директорлук кызмат ордуна сынак өткөрүлөрүн айткан.

Тема боюнча:

Эми мектеп директорлору сынак аркылуу беш жылга дайындалат