Элмира Тагаева: Жолдошум Чыңгыз Мамаевди айыптаган берене туура эмес деп ойлойм

Зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы Элмира Тагаева жолдошуна коюлган айыптарды негизгиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал SuperTV телеканалына курган маегинде билдирди.

Тагаеванын айтымында, күйөөсүнө сабап, мыкаачылык менен зордуктаган деген айып тагылган, ал эми экспертизанын жыйынтыгында Мамаевден био-материал табылган эмес. Ал эми доо арыз жазган адамдар жолдошунун кызуу абалынан пайдаланышты деп ачык айта алам дейт ал.

«Азыр бир гана сотко ишенип турам, акыйкат чечип берсин [...] Чыңгыз өзү буркурап боздоп, “мен эч нерсе кылган эмесмин. Эгерде күнөөм болсо канча жыл десе ошончо жыл түрмөдө отуруп берет элем” деп сыздап отурат. Ал жөн жерден кесилип кетүүнү каалабайм деп атат», — деди Тагаева.

Аны менен катар, төкмө акын Аалы Туткучев, Нуркан Турсунбаев, Күмөндөр Абылов баштаган маданият кызматкерлери президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, үч айдан бери камакта жаткан актёрдун ишин акыйкат тергөөнү өтүнүштү.

Кыргыз Эл артисти Нуркан Турсунбаев Чыңгыз Мамаев жалган жалаага кабылды деп эсептейт.

«Чыңгыз ак жерден ушундай жаманты болгонун уккандан бери жүрөгүм ооруп жүрөт. Муну мен Чыңгызга жасалган атайын кыянаттык деп ойлойм. Ал Алыкул Осмоновдун образын тирүүлөйжеткирген болчу. Мен анын үй-бүлөсүнө чейин жакшы билем. Мага дагы көп бут тосуулар болгон, Таттыбүбү Турсунбаевага дагы бут тосуулар көп болгон. Бирок акыйкаттык жеңген. Ошондуктан Чыңгыз акталып чыгыш керек деп ойлойм», — деди ал.

Ал эми Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов кесиптешинин күнөөсү далилденбесе дагы, абакта камалып турганына нааразы болду.

«Биз буга чейин дагы акыйкаттык талап кылып кайрылуу жасадык эле. Мамаев үч айдан ашык камалып жатат. Биз адилеттүүлүктүн учун дагы көрбөй жатабыз. Медициналык экспертизада күнөөсү далилденген эмес. Таза чыкканына карабай ушунча түрмөдө кармап атышканы бизди таң калдырат. Ошондуктан кайрылуу жасап, президент Садыр Жапаров маданият адамдарынын укугун коргоп берет деп ишенебиз», — деди Абылов.

Милиция эмне дейт?

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Клоопко» бул иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Бул факты боюнча «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» жана «Күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо» беренелери менен иш козголуп, тергөө иштери аяктаган. Учурда бул иш сотко өткөрүлүп берилген», — дешти басма сөз кызматтан.

Ал эми Свердлов райондук сотунун басма сөз кызматы Мамаевдин иши боюнча 14-июлга белгиленген сот отуруму 21-июлга жылдырылганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, райондук соттун имаратында жарык өчүрүлгөнүнө байланыштуу отурум кийинкиге жылдырылды.

Үстүбүздөгү жылдын март айында актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик аялды зордуктоого шектелип кармалган. Алгач ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. Кийин Свердлов райондук соту Мамаевди 30-августка чейин ТИЗО-1ге камакка алган.

Театр жана кино актёру Чыңгыз Мамаев 2012-жылы акын Алыкул Осмонов тууралуу «Мезгил жана Алыкул» аттуу биографиялык тасмада башкы каармандын ролун жараткан.